УКМК Кара-Сууда алты бажы кызматкери коррупциядан улам кармалганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусунда коррупцияга шектелип алты бажы кызматкери кармалганын 5-декабрда билдирди. Маалыматка ылайык, 4-декабрда Бажы кызматынын Кара-Суу районундагы “БИМИ Ош сервис” бажылык каттоо кызматкерлери мыйзам бузган учурларды жашырып, жарандардан туруктуу пара алып жүргөнүн аныкталган.

“Аталган кылмыш иши боюнча “БИМИ Ош сервис” бажы каттоо пунктунун эки башкы инспектору А.Д.М жана А.А.Ш., эки улук инспектору Ж.у.К. жана Ж.Ч.И., "Ош" бажы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору К.М.Н. жана "Мега логистик" бажы каттоо пунктунун башкы инспектору Р.М.М., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган оператор кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп жазылган маалыматта.

Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев да 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берген. Коррупциялык көрүнүштөр аныкталган жай мурда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдуку болгонун, кийин мамлекетке өткөнүн белгиледи.

Бажы кызматы жана кармалган тараптын адвокаттары комментарий бере элек.

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев 20-июнда “Азаттыкка” курган маегинде мекемеде иштеген жүздөн ашык киши Матраимов менен байланышы болгону үчүн жумуштан алынганын билдирген.

Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалып, 11-ноябрда үй камагына чыккан.

Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (TAb)

Дагы караңыз

Адвокат Матцаковдун иши: УКМК алты күндөн кийин маалымат бердиДепутаттар Орусиядагы элчиликте мигранттар маселесин талкууладыПашинян Армения ЖККУга кайтпай турганын айтты АКШ грузин бийлигине санкция салышы мүмкүн