Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

АКШ грузин бийлигине санкция салышы мүмкүн


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

АКШ Грузияда евроинтеграцияны жактап, дээрлик бир аптадан бери нааразылык акцияларына чыгып жаткандарга күч колдонгону үчүн грузин бийлигине санкция салышы мүмкүн.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 4-декабрда билдирди.

"Кошмо Штаттар “Грузин кыялы” партиясынын Грузиянын жарандарына, нааразылык акцияларынын катышуучуларына, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана оппозиция активисттерине көрсөткөн негизсиз катаал мамилесин кескин сынга алат.

Биз “Грузин кыялы” партиясын сын айткандарга карата репрессивдүү тактикаларды колдонууну, анын ичинде туш келди кармоолорду, зомбулук көрсөтүүнү токтотууга чакырабыз”, - деп жазылган Блинкендин билдирүүсүндө.

Анын сөзүнө караганда, өзгөчө тартип коргоо органдары митингчилерди уруп-сабап, олуттуу жараат келтиргени тууралуу кабарлар тынчсыздануу жаратууда.

“Буга чейин жарыяланган эки тараптуу кызматташууну толук карап чыгуудан тышкары АКШ колунда бар бардык мүмкүнчүлүгүн колдонууга камданууда, анын ичинде кошумча санкцияларды киргизүүгө даяр”, - деди мамкатчы.

Буга чейин Балтика мамлекеттери, Канада жана Украина митингчилерди күч менен таркатып, аларга карата зордук-зомбулук көрсөткөнү үчүн Грузиянын Ички иштер министрлигинин жана “Грузин кыялы” партиясынын жетекчилигине санкция салган.

Грузияда нааразылык акциялары 28-ноябрдан бери уланып жатат. Буга өкмөт башчы Ираклий Кобахидзенин Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр 2028-жылга чейин токтогону тууралуу билдирүүсү түрткү болду. Миңдеген демонстранттар Евробиримдикке кошулууну жактап, өкмөткө каршы нааразылыкка чыгууда. Алты күн ичинде 300дөй адам кармалды.

Кобахидзе акцияларды уюштурууга оппозиция менен бейөкмөт уюмдарды айыптады.

Шерине

XS
SM
MD
LG