Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук башкармалыктарынын жетекчилери кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча кармалганын билдирди.
"Текшерүү учурунда акциздик товар өндүргөн жана импорттогон ири ишкерлер өлкөнүн түштүгүнө товар жиберүүдө тиешелүү эсептик базаларда жүктү коштоочу документтерди четтетүү же чакыртып алган фактылары катталган. Бирок буга көзөмөл кылган салык кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2024-жылы эле Бишкекте 3,2 млрд сомдук акциздик товарларга коштоочу документтерди четтетүү же артка чакыртып алуу учурлары болгонуна атайлап көз жуумп коюшкан", - деп жазылган.
Коопсуздук кызматы бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгоп, 3-декабрда Бишкек шаарындагы райондук салык башкармалыктарында жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгында тинтүү жүргүзгөн.
Атайын кызмат анда коррупциялык иштерге байланышы бар деген шек менен Бишкектин Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук салык башкармалыктарынын башчылары А.Р., Ж.У., А.Н. жана Т.А. аттуу дагы бир жетекчи кармалып, камакка алынганын маалымдады.
Учурда бул иш боюнча тергөө уланып жатканын, анын алкагында коррупциялык ишке тиешеси бар ишкерлерге жана Мамлекеттик салык кызматынын башка кызматкерлерине да юридикалык баа берилерин кошумчалады.
3-декабрда УКМК кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги төрт райондук башкармалыктарында жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгында тинтүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында төрт райондук башкармалыктын башчыларын жана башка отуздай кызматкер кармалганын маалымат каражаттары жазышкан.
Мамлекеттик салык кызматы бул текшерүүлөр тууралуу маалымат бере албасын "Азаттыкка" билдирген. (ZKo)
Дагы караңыз
4-декабрь түнү атылган ок... Султан Ибраимовду эскерүүТашиев менен Ятимов чек ара боюнча макулдашууга жетишилгенин жарыялады Козголоңчулар Сириянын Хама шаарына жакындадыАкыйкатчы институту пикир үчүн камалган жаран кыйноого кабылганын билдирдиСербияда чет элдик агент тууралуу мыйзам долбоору сунушталды