Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндуз 4…9;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндуз 3…8;
Баткен облусунда күндүз -3…+2, күндүз 4…9;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда күндүз -4…-9, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы -2…-4° суук, күндүз 7…9° жылуу болот.