Депутат Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетинин салык саясатын сындады

Балбак Түлөбаев

Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы отурумунда депутат Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетин салыктын улам бир түрүн көбөйтүү менен Салык кодексин өзгөртүп жатканын сынга алды. Ал өкмөт элдин жон терисин сыйрып жатат деп айыптады.

"Башка жаңы салыктар болбойт дегенсиңер, бирок улам эле жаңы бир салык киргизип, кошумча нарк салыгын көтөрүп атасыңар? Курулушка кайрадан 12% кошумча нарк салыгын киргизип атасыңар. Бирок бизде 40 миңдей жаран үйү жок, ипотекалык компанияда кезекте турганын билесиздер. Аны киргизгенден кийин батирлердин баасы дагы көтөрүлөт. Элди кантип үй менен, аш менен камсыз кылабыз? 12% кошумча нарк салыгы 500 миң сом. Бул байкуш кыргыз үчун өтө чоң акча. Бул өзгөртүүлөрдү сунуштап жаткан министрликтердин баштары иштейби? Пландоо деген барбы? Бала бакча, ФАПтар курулган бойдон иштебей турат. Ичинде баласы, тарбиячысы жок, иштебей турган бала бакчалардын кимге кереги бар? Ошондой эле үйлөрдү куруп алып, эч кимге сата албасаңар, куруп не кереги бар?" - деди депутат.

Мамлекеттик салык кызматы курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүүнү Жогорку Кеңешке сунуштаган. Анда курган батирин чарчы метрин 1000 доллардан кымбат сатпаган гана курулуш компанияларын кошумча нарк салыгынан (НДС) бошотуу каралган.

Риэлторлордун маалыматында, ушул тапта Кыргызстанда курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдагы батирлердин бир чарчы метри (толук бүтпөгөн) жайгашкан жерине жана тибине жараша 850-900 доллардан 1500-2000 долларга чейин сатылууда. Айрым эксперттер Кыргызстандагы коммерциялык курулуш компаниялары өтө жогорку киреше менен иштеп жатканын, мындай компанияларга жалаң байлар, олигархтар гана ээлик кыларын белгилеп жүрүшөт.

Ошол эле учурда Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алган бир топ жарандар курулуш бүтпөй, мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Жогорку соттун төрагасы “колу туткак” судьяларды кызматтан кетүүгө чакырдыУКМК Бишкектеги салык кызматынын жетекчилерин кармаганы кабарлануудаТүштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялады, парламент аны жокко чыгардыГүлнара Каримованын иши боюнча швейцариялык банкка айып тагылдыКазакстан: 12 жашка чейинки балдарды үйдө жалгыз калтырууга тыюу салуу сунушталды