Грузияда Конституциялык сот президенттин парламенттик шайлоо жыйынтыгын тааныбоо тууралуу арызын четке какты

Грузиянын Конституциялык сотунун судьялары

Грузиянын Конституциялык соту мамлекет башчы Саломе Зурабишвилинин жана дагы 30 оппозициялык маанайдагы депутаттын парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо тууралуу арызын кароодон баш тартты.

Бул тууралуу "Кавказ жаңырыгы" агенттиги шейшембиде жарыяланган соттун токтомуна таянып билдирди. Акыркы жана даттанууга жатпай турган чечимди Конституциялык соттун тогуз судьясынын жетөө колдоп берген.

Президент Саломе Зурабишвилинин атынан арыз Конституциялык сотко 19-ноябрда берилген. Президент шайлоодо добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганын маалымдап, шайлоо жыйынтыгын тааныбоону талап кылган.

26-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Грузин кыялы" партиясы добуштардын 53,92% алган, ал эми оппозицияга 38% тийгени жарыяланган.

Европа Биримдигине жана НАТОго мүчөлүккө талапкер Грузияда аталган партия бир нече орусиячыл демилге көтөрүп, ишке ашырды. Бул үчүн ал Батыштын сынына кабылууда.

Грузия президенти Саломе Зурабишвили "Грузин кыялы" партиясы өлкөдөгү бардык мамлекеттик институттарды "дээрлик басып алганын" айтып, республиканы евроатлантикалык интеграция жолуна кайтарыш үчүн жаңы шайлоо өткөрүү керек экенин билдирген.

Парламенттик шайлоо таза өтпөгөнүн айтып, бийликти орусиячыл саясаты үчүн сындап чыккан миңдеген демонстрантты полиция күч менен таркаткан.

Дагы караңыз

Сириядагы согуш: Путин кандай кадамга барат?"Үч жашар балам көзү көгөрүп, башы жарылып келген". Бакчадагы зомбулукка ким жооптуу? "Адвокаттардын эркин иштешине коркунуч туулду". Кесиптештери Матцаковдун кармалышын айыптадыАКШ Украинага 725 млн доллар бөлдү, Cирияда кырдаал курчуп барататМайлуу-Сууда кызын уруп, видеого тарткан жаран камакка алындыГүлнара Каримованын иши боюнча швейцариялык банкка айып тагылды