АКШ Украинага 725 млн доллар бөлдү, Cирияда кырдаал курчуп баратат
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Укук коргоочулар менен адвокаттар Самат Матцаковдун камалышын адвокаттардын ишмердүүлүгүнө коркунуч деп баалашты. Алар кыргыз бийлигин жактоочуну эркиндикке чыгарып, куугунтукту токтотууга чакырды. Сирияда Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан куралдуу топтор Алеппо жана Идлиб провинциясын көзөмөлүнө алды. Бул козголоңчулардын 2016-жылдан бери Сирия режимине каршы биринчи чабуулу. Сузакта бакчадагы баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бала бакчанын жетекчиси ата-энелерден кечирим сурады.