Улуттук онкология жана гематология борборуна жетекчи болуп Нурбек Букуев дайындалды. Аны 3-декабрда борбордун эмгек жамаатына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды. 42 жаштагы Нурбек Букуев буга чейин Улуттук борбордун гинекология бөлүмүн жетектеп келген.
Улуттук онкология борборунун мурдагы жетекчиси Бактыгүл Султангазиева бир ай мурун кызматынан алынган. Аны кызматтан алуу сунушун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Министрлер кабинетине киргизген.
Султангазиеванын дарегине Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары сын-пикир айтышкан. Депутат Айсулуу Мамашева аны "онкология дартына чалдыккан бейтаптарды жеке клиникасына барып дарыланууга мажбурлайт" деп айыптаган.
Депутаттардын дооматтарына Бактыгүл Султангазиева эч кандай комментарий берген эмес.
Султангазиева аталган борборду 2021-жылдан бери жетектеп келди. (ZKo)
Дагы караңыз
Аба ырайы: күн ачык болотАлмаз Кулматов "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору болуп дайындалдыАкыркы эки жылда Орусиянын 6 миң жараны кыргыз жарандыгын алдыТөрага Шакиев жаңы гимн апрелге чейин кабыл алынышы керектигин белгиледиБала бакчадагы окуяны тасмага тарткан кызматкер иштен кетүүгө мажбурлап жатышканын билдирүүдө