Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы 3-декабрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы редакторду гезиттин жамаатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев расмий тааныштырды.
Алмаз Кулматов 1967-жылы төрөлгөн, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
Ак-Талаа, Кочкор райондорунда аким, Нарын шаарында мэр, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, вице-премьер-министрдин кеңешчиси жана президенттик аппараттын этностук жана диний саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
"Кыргыз туусу" басылмасынын мурдагы башкы редактору Мырзакат Тыналиев гезиттин негизделгенинин 100 жылдыгын белгилөө алдында кызматынан бошотулган. Анын себеби ачыкталган эмес. (ZKo)
Шерине