АКШ Киевге 725 млн долларлык кошумча жардам бөлдү

NASAMS зениттик-ракеталык комплекси да АКШ бөлгөн жаңы жардамдын ичинде бар.

Кошмо Штаттар Украинага 725 миллион долларлык кошумча жардам бөлдү. Бул тууралуу Ак үй 2-декабрда билдирди.

“Президент Байден 26-сентябрда айткандай, коопсуздук тармагында жардамдын көлөмүн көбөйтүүнүн алкагында Кошмо Штаттар украиналык өнөктөштөргө Орусиянын уланып жаткан чабуулдарынан коргонуу үчүн зарыл болгон курал-жабдык жана техниканын жаңы пакетин бөлөт”,- деп жазылат мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө.

Ал эми Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон январдын ортосуна чейин Киевге “жүз миңдеген кошумча артиллериялык курал-жабдык жана миңдей ракета жөнөтөрүн” белгиледи.

АКШ президенти Жо Байден Конгресс Украинага бөлгөн каражатты президенттик мөөнөтү 20-январда аяктаганча толук берүүнү убада кылган. Ушул тапта бул сумма 7,1 миллиард долларды түзөт.

2-декабрда Киевге күтүүсүз барган Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага ушул айда эле 650 миллион евролук жаңы курал-жабдык жеткирүүнү убада берген.

Дагы караңыз

Бир нече адвокат Матцаковдун камалышын айыптадыАлмаз Кулматов "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору болуп дайындалдыТөрага Шакиев жаңы гимн апрелге чейин кабыл алынышы керектигин белгиледи