Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү жакшыра турганын, жакынкы жылдары алар үчүн социалдык стационардык мекемелерди жакшыртуу, жаңылоо боюнча иш-мерчемдери бар экенин билдирди.
Мамлекет башчы бул тууралуу 3-декабрь - Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата жолдогон кайрылуусунда билдирди.
“Жеткиликтүү өлкө” программасынын алкагында майыптыгы бар адамдарга ыңгайлуу инфратүзүм түзүү, медициналык-социалдык экспертизаны өнүктүрүү, реабилитация жана абилитация системасын өркүндөтүү, инклюзивдүү билим берүү жана жумуш орундары менен камсыз кылуу жаатында да чаралар ишке ашырыларын белгилеген.
Кайрылууда президент Жапаров майыптыгы бар жарандарды коомдук жашоого толук аралаштыруу жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана укуктарын коргоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп келерин кошумчалаган.
Өзгөчө муктаждыктагы жарандардын айрымдары коомдун ажырагыс бөлүгү катары спортто, маданиятта, мамлекеттик кызматтарда жана башка тармактарда ийгиликтерге жетишип жатканын да белгилеп, алардын эмгекчилдиги, эрки күчтүүлүгү көптөгөн адамдарга үлгү болуу менен шык-дем берип жатканын айтып кеткен.
Мамлекет башчы кайрылуусунда жарандарды мээримдүү, боорукер, бири-бирине сый-урмат көрсөтө билүүгө, берешен, жоомарт болууга чакырып кеткен.
Укук коргоочулар Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга тиешелүү камкордук көрүлбөй, алардын укуктары одоно бузулуп жатканын байма-бай айтып келет. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор өлкөдөгү мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар үчүн социалдык-стационердык мекемелерде тиешелүү шарттар жоктугун, аларга берилген тамак-аш сапаты начардыгын, майыптыгы бар адамдарга мекеменин кызматкерлери тарабынан орой мамиле жасаларын бир нече ирет белгилеген.
Кыргызстандагы 17 социалдык-стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.
ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап-баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген.
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 216 миңден ашуун. Анын 37 миңдейи 18ге толо элек балдар. Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга мамлекет тарабынан ай сайын 4-8 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул жана пенсия берилет.(ZKo)
Дагы караңыз
Тбилисиде демонстранттар Чавчавдзе проспектисин бууганы кабарландыКыргызстандын Адвокатурасы Матцаковдун иши боюнча баш прокурорго кайрылдыУкук коргоочулар адвокат Самат Матцаковдун камалышын сынга алдыСузакта тарбиячынын балага кол көтөргөнү тартылган тасма боюнча териштирүү жүрүп жататГвинеяда стадиондогу тепсендиде 50дөн көп киши набыт болду Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттер желимди азайтуу боюнча мунаса таба алышкан жок