Бишкек шаардык соту 2-декабрда "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы тууралуу апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрдагы чечими менен "Социал-демократтар" партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.
Бишкек шаардык милициясы аларга 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрдагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (MKt/ZKo)
Дагы караңыз
УКМКнын жемкорлукка жазаны күчөткөн долбоору ЖКга түштүБишкек шаардык соту Темирлан Султанбековду камакта калтырдыЭкс-депутат Исаев кармалышын саясат менен байланыштырды"Комиссиясы кымбат". УКМК "Яндекс.Таксини" тинтти, айдоочулар нааразылыкка чыкты Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир киши каза тапты