Экс-депутат Исаев кармалышын саясат менен байланыштырды

Канатбек Исаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 2-декабрь, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаев камакка алынышын саясий ишмердиги менен байланыштырды. Бул тууралуу ал 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна ага 2017-жылы козголгон кылмыш иши боюнча сотко алынып келген учурда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Канатбек Исаевди 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Бишкектин Октябрь райондук соту 22-ноябрда саясатчыны УКМКнын тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алган. Ал коюлган айыпка макул эмес экенин билдирген.

УКМК саясатчыга козголгон акыркы иш тууралуу маалымат бере элек.

Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу 2022-жылы 23-октябрда камакка алынган. Райондук сот ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-январда саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарган.

УКМК 2017-жылы Канатбек Исаевди “мамлекетте төңкөрүш уюштурууга аракет кылган” деген шек менен кармаган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отуруп, 2018-жылдын 18-июлунда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 4-ноябрга чейин спикер болуп иштеп, президенттик шайлоого талапкерлигин койгону үчүн кызматтан кеткен.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчы жана активисттерди быйыл 14-июнда актаган. Ушул тапта иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. (BTo/AiB)

Дагы караңыз

Бишкек шаардык соту Темирлан Султанбековду камакта калтырдыУКМКнын жемкорлукка жазаны күчөткөн долбоору ЖКга түштүОрусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир киши каза тапты Өзбекстанда орусиялык журналист Алексей Пивоваров кармалып, кое берилдиУКМКнын мурдагы төрагасы Опумбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко бардыТбилисиде полиция демонстранттарга суу жана желим ок атканы кабарландыГрузияда митингге чыккандар парламенттин кире беришин тостуБУУ талап-тоноодон улам Газага жардам жеткирүүнү токтотту