Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

УКМКнын мурдагы төрагасы Опумбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко барды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев. 2-декабрь, 2024-жыл.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев. 2-декабрь, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2-декабрда Бишкектин Биринчи май раойндук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары көрсөтмө берүү үчүн барды.

Соттук жараянга кирер алдында ал 2020-жылдагы Октябрь окуясындагы жоопкерчилиги, Кой-Таш окуясы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, “соттук отурумдан кийин комментарий берем” деп убада кылды.

Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси 2020-жылы бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуясынан бери коомчулукка биринчи жолу чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте ири нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Ал күнкү митингдер түнү менен уланып, 6-октябрга караган түнү нааразылык билдирип чыккандар Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан Ак үйгө кирип барышкан. Ала-Тоо аянтындагы түнкү башаламандыктар учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам жаракат алып каза болгон.

Ошол учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт, анын ичинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да 6-октябрда кызматтан кеткен. 9-октябрда ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагалык кызматынан бошоткон.

Бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуяларынан бери ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз болуп жаткан.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. Ишти негизинен Биринчи май райондук соту карайт. (BTo/AiB)

Шерине

XS
SM
MD
LG