Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир киши каза тапты

Иллюстрациядык сүрөт

Орусиянын Саратов облусунда Кыргызстандын жарандары отурган автоунаа жол кырсыгына кабылды. Окуя 1-декабрь күнү Ершов-Озинки жолунда катталган. Кыргызстандын 8 жараны кетип бараткан Toyota Sienna автоунаасы түнкү 02:20 чамасында жолдон четке чыгып кетип, аңтарылып калганын "СарИнформ" басылмасы полициядагы булактарына таянып билдирди.

Жол кырсыгынын кесепетинен 27 жаштагы адам каза болгон, 5 адам, арасында айдоочу дагы түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгы тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү маалымат бере элек.

Орусияда жол кырсыгына кабылып, каза тапкан кыргызстандыктар буга чейин да болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

"Кант диабети бөйрөк менен көздү талкалайт"Тбилисиде полиция демонстранттарга суу жана желим ок атканы кабарландыГрузияда тиреш күчөдү, президент Зурабишвили эл менен экенин айттыГрузияда митингге чыккандар парламенттин кире беришин тосту