Грузияда митингге чыккандар парламенттин кире беришин тосту

Тбилисидеги нааразылык акциялар учурунда тартылган сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.

Тбилисиде нааразылык акциясына чыккандар парламенттин имаратынын алдына темир тосмолорду орнотту. Бул тууралуу “Кавказ добушу” басылмасы жазды.

Басылманын кабарчысы Хатия Хасаиа демонстранттар парламент имаратынын терезелерин сындырып жатканы тартылган видеону жарыялады. Ошондой эле алар имаратка фейерверк атышкан.

Нааразылыкка чыккандар грузин парламентинин имаратынын алдында бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү Бидзин Иванишвилинин сөлөкөтү тартылган сүрөттү (чучело) өрттөштү. Нааразы болгондор ушундай эле сөлөкөттү Кутаисидеги акцияда дагы өрттөшкөн.

Би-Би-Синин кабарчыларынын баамында, 30-ноябрдын кечинде Руставели проспектисине бери дегенде он миңдеген адам чогулган. Демонстранттардын саны бир күн мурда полиция аларды атайын каражаттар менен кубалагандан да көп экени айтылды.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Тбилиси жана башка шаарлардагы нааразылык акциясына чыккандарды колдой турганын айтып, аны “каршылык көрсөтүү кыймылы” деп атады. Ал өкмөттү мыйзамсыз деп атап, мыйзамдуу шайланып келген парламент гана президентти тандай турганын жана ошол убакка чейин кызматында каларын белгилеген.

  • 28-ноябрда кечинде грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин толкундоолор башталган. Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилисиде евроинтеграцияны жактап чыккан митингде 107 адам кармалганын билдирди. Кармалгандардын арасында 10 чет өлкөлүк жаран бар экенин “Имеди” телекомпаниясы кабарлады.
  • 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган. Полиция аларга каршы суу жана көздөн жаш агызуучу каражат колдонгон. Айрым телеканалардын кызматкерлери сабалганы кабарланды.
  • Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.
  • Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын айтып, Тбилиси өкмөтүнө бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токторун жарыялаган.
  • Президент Зурабишвили жана оппозиция бир ай мурун болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.

Дагы караңыз

Чуулгандуу видеодон кийин Ноокат райондук милициясына жаңы жетекчи дайындалдыУкраинада ракеталык чабуулдан бир нече киши каза тапты, 20дан ашыгы жараат алдыБишкектеги автобекетте оор жүк ташуучу машинелер үчүн аянтча уюштурулатСирия: Өкмөткө каршы куралдуу топ Идлиб провинциясын көзөмөлгө алды