"Арыктан суу ичүүгө аргасызбыз". Самаркандектеги таза суу көйгөйү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендин Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылында таза суу бир канча жылдан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда. 3200 үй-бүлө бир нече айылды аралап аккан арыктагы сууну ичүүгө мажбур.

Баткендин Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылында таза суу бир канча жылдан бери оор маселе бойдон калууда. 3200 үй-бүлө ичүүчү суу тартыштыгынан, тиричилик муктаждыктарына жеткире албай бир нече айылдарды аралап келген арыктагы сууну ичүүгө мажбур. 2019-жылга чейин Тажикстан аркылуу келген куурдан суу ичип турушса, акыркы жылдары ал жактан суу берүү чектелип калды. Жергиликтүү бийлик келээрки жыл соңуна айылда таза суу менен толук камсыздоо ишин баштап жатыптыр.