Бишкекте адамды сүзүп алган айдоочу “Тез жардамды” коштоп баратып каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп алган айдоочу “Тез жардамды” коштоп баратып каза болду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кырсык 28-ноябрда болгон. “Мерседес-Бенц Е320” автоунаасынын 65 жаштагы айдоочусу Элебесов көчөсү менен түндүктү көздөй баратып, Февраль көчөсү менен кесилишкен жерден жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 46 жаштагы адамды сүзүп алган.

Окуя болгон жерге “Тез жардам” чакыртылып бейтап ооруканага жаткырылган. Айдоочу “Тез жардамдын” артынан коштоп баратып, Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен каза болгон.

Бул факты Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы быйыл 10 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 640 адам каза болгонун билдирди. Дагы 9 миңге жакын киши жаракат алды. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда орус рублинин сомго карата курсу түшүп кеттиБишкекте курулушта иштеген жигит көп кабаттуу үйдөн кулап каза болдуӨкмөт “Кум-Шагыл” ишканасына киргизилген сырткы башкарууну дагы узарттыФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 107-орунга түштүКамчыбек Ташиев 2-3 кызматкеринин иши текшерилип жатканын айттыПутиндин визити учурунда Астанадагы жарнама экранда Украинанын желеги көрсөтүлгөнү боюнча кылмыш иши козголду