Жалал-Абад шаардык кеңешине Орозбек Турдубеков төрага болуп шайланды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин жыйыны. 28-ноябрь, 2024-жыл.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 10-чакырылышынын депутаттары 28-ноябрда алгачкы сессияга чогулуп, Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоков мандаттарды тапшырды. Шаардык кеңеште 41 депутат болсо алардын 12си аялдар.

Шайлоодо жеңип чыккан үч саясий партия “Бек” деген аталыштагы коалиция түзүштү. Анын лидери катары Нуртилек Болотов (“Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөсү) шайланды.

32 жаштагы Орозбек Турдубеков шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ал “ЖБЗ Жалал- Абад бетон заводу” компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси.

Жалал-Абад шаардык кеңешине 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн шайлоого үч гана партия катышып, баары тең беш пайыздык босого чектен өткөн. Алардын мандат бөлүштүрүүдөгү эсеби боюнча “Жаңы Кыргызстан” партиясы 20 мандат, “Адилет” партиясы 17 мандат, “Эмгек” партиясы төрт мандат алды.

17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин - 33 шаардык кеңештин жана 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. (TB)

Дагы караңыз

Казакстан: Путиндин сапарына каршы чыккан активисттер бейбаштыкка айыпталуудаДепутат Дастан Бекешев жолдогу тыгын көйгөйү чечилбей жатканын билдирдиБашкы прокуратура 813 адам мунапыс менен жазадан бошотулганын билдирдиТрамп Украина жана Орусия боюнча атайын чабарман кызматына Кит Келлогду тандадыКыргызстанда орус рублинин сомго карата курсу түшүп кеттиОрусиянын миграция борборунун өкүлчүлүгү Ош шаарында ачылат Украина энергетика жайлары жапырт чабуулга туш болгонун билдирдиСот троллейбустун зымдарын алуу чечимин кайра жокко чыгардыМилицияны видеого тартып, жарыялагандарды жазалоо долбоору биринчи окуудан өттү