Орусия соңку жылдары тийиштүү мыйзамдарын каттаалдаштырып, мигранттардын өлкөдө иштөөсүн, жүрүүсүн чектеген айрым эрежелерди киргизүүдө. Буга чейин Москва 2024-жылдын жети айында өлкөдөн чыгарылгандардын жана кирүүгө тыюу салынгандардын саны рекорддук чекке жеткенин жарыялаган. Алардын көпчүлүгү Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары экени айтылган. 2025-жылдын 1-январынан тартып Орусияга кирген чет элдик жарандар бир жыл ичинде 90 күн гана визасыз жүрө алат.
"Азаттык": Сейтек мырза, соңку учурда Орусия миграция жаатындагы бир катар мыйзамдарын өзгөрткөндүктөн, ал жакта эмгектенген мигранттардын абалы оорлоп жатат. Мындай шартта бул өлкөдөгү кыргызстандыктар эмнелерге көңүл буруш керек, эмнени эске алышы керек?
Сейтек Жумакадыр уулу: Тышкы иштер министрлиги жарандарыбыз жүргөн өлкөлөрдөгү коомдук-саясий окуяларга, алардын укуктук абалына тыкыр көз салып турат. Орусиянын аймагында жүргөн жарандарыбыздын саны акыркы жылдары кескин өзгөргөнү менен, бул өлкө баары бир биздин жарандар эң көп жүргөн өлкө бойдон калууда. Биздеги маалымат боюнча, акыркы 2-3 жылда Орусия 30дан ашык мыйзамына өзгөртүүлөр киргизди. Бул өзгөрүүлөр биздин жарандарыбыздын укуктук абалына таасирин тийгизип жатканын тастыктап кетишим керек. Азыркы учурда Орусиянын аймагындагы дипломатиялык жана консулдук мекемелерибиз бул өлкөнүн жаңы миграциялык тартиптери тууралуу түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп жатышат. Андан тышкары диаспора аркылуу, вотсап жана башка социалдык платформалар аркылуу маалыматтар жайылтылып жатат. Биз бул жактан атайын маалыматтык билдирүүлөрдү, видеороликтерди даярдап, жаңы мыйзамдар тууралуу элди кабардар кылууга аракетибизди көрүп жатабыз.
Орусия ондогон мыйзамдарына өзгөрүүлөрдү киргизип, жакынкы айларда күчүнө кирип, иштей баштай турган эки орчундуу эрежелер бар. Алардын бири 2025-жылы 1-январда, экинчиси 5-февралдан тартып күчүнө киргени турат. Жаңы мыйзамдарга ылайык, жарандарыбыз бир календардык жыл ичинде 90 күн гана жүрө ала турган болуп калды. Мурда жарандарыбыз 90 күн бүткөндөн кийин кирди-чыкты кылып, миграциялык тарыхын жаңыртап алып жүрө беришсе, азыр андай кыла албай калат. Демек, ошол 90 күндүн ичинде жарандарыбыз укуктук абалын жөнгө салып алууга жетишүүсү керек. Башкача айтканда бул өлкөнүн аймагында жүрүү мөөнөтүн эмгек келишимдерин түзүп, ошонун негизинде узартып алса болот. Экинчи жаңы эрежеге ылайык, Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга карата “көзөмөлдөгү адамдардын реестри” түзүлөт. Эгерде биздин жараныбыз бул реестрге кирип калса, анда ага карата "чыгарып жиберүү режими" колдонулат. Бул учурда жарандар жашаган жерин уруксатсыз өзгөртө албайт, жашаган аймагынан чыгып кете албайт, транспорт каражаттарын башкарууга жана айдоочулук күбөлүк алууга тыюу салынат, унаа сатып ала албайт, үйлөнүп калышса, никесин каттай албайт, бизнесин каттай албайт. Кыскасы, көптөгөн чектөөлөргө дуушар болот. Жарандарыбыз ошондой абалга туш келип калбашы үчүн, алдын-ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан 5-февралга чейин документтерин мыйзамга ылайыкташтырып, тариздеп алуусу керек.
Мындан тышкары ТИМ “зарыл ишиңер болбосо, Орусияга барбай тургула” деп буга чейин жарандарыбызга эки жолу расмий кайрылуу жасады. Өзүңүздөр билесиздер, ар бир үчүнчү же төртүнчү үй-бүлөдөн жок дегенде бирден адам чет жакта миграцияда жүрөт, бири-бирине маалымат жеткиришсе деп жатабыз. Себеби жарандарыбыз укуктук абалын өз убагында жолго коюп албаса, өздөрүнө да, мамлекетке да күч келет. Мамлекетке дегеним, биздин кызматкерлерибиз жыйынтык менен күрөшүүгө туура келип калат. Жарандар менен жолугушууда биз аларды өлкөгө кайтууга чакырып жатыбыз. Анткени Кыргызстанда жумуш орундары көбөйдү, биз өзүбүз деле мигранттарды кабыл алган өлкө болуп калдык.
2024-жылдын 15-июлуна карата алынган расмий маалымат боюнча, 76 974 жараныбыз Орусияга кирүүгө тыюу салынган, башкача айтканда “кара тизмеде” турат. Булардан тышкары ушул жылдын сентябрь айынын аягына карата “тобокел тобунда” 72 миң жараныбыз турат. Бул тобокел тобундагылардын тизмесин тактоо боюнча Миграция министрлиги иш алып барууда. Тизме мигрант.кж сайтына жайгаштырылды. Ал жерден жарандар өзүлөрүн текшерип алса болот. Алдыда дагы 2-3 ай убакыт бар, ошол убакыттын ичинде “тобокел тобундагылар” өздөрүн мыйзамдаштырып алууга жетишип алышсын деп элчилик, консулдуктар жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат.
Дагы караңыз
Орус аэропортунда кыргыз жарандарын эмнеге текшеришти?
"Азаттык": Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү. Бул уюмдун негизги принциптеринин бири - адамдардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу. Учурда кызмат көрсөтүүдө, бала бакчаларда мигранттардын иштөөсүн чектөө киргизүү, мигранттардын балдарына бекер билим берүүгө тыюу салуу сыяктуу сунуштар айтылып жатат. Быйыл Кыргызстандын айрым жарандарын балдарын мектепке киргизе албай калган учурлар катталды. Орусияда кабыл алынып жаткан мыйзамдардын кыргыз жарандарына тиешеси болобу?
Сейтек Жумакадыр уулу: Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин келишиминде көрсөтүлгөн бардык жоболор кадимкидей эле иштеп жатат. Мисалы, ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн аймагында товар айлантуу, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүү эрежелери бузулган жок. Болгону жарандарыбыз өз убагында эмгек келишимин түзүп, мыйзамдуу иштеши керек. Эмгек келишимин түзүп, мыйзамдуу жүргөндөргө эч ким тийишкен жок. ЕАЭБ алкагында ушуга чейин чечиле элек бир гана маселе бар – ал эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык камсыздандыруу маселеси. Бул Орусия тарабынан толук көлөмдө аткарылбай келе жатат. Бул маселе эки тараптуу да, көп тараптуу да сүйлөшүүлөрдө тынымсыз талкууланып жатканы менен, оң натыйжага чыга элек. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр улантылып жатат.
Эми эмгек мигранттарынын балдарын мектепке орноштуруу боюнча көйгөй тууралуу кеп кылсак, ЕАЭБдин келишимине ылайык биримдикке мүчө мамлекеттердин балдары бирдей билим алууга укуктуу. Бул жобо негизинен бузулган жок. Бүгүнкү күндө Орусиянын көптөгөн аймактарында мектептерде, бала бакчаларда билим алып жаткан балдарыбыз бар. Тилекке каршы, быйыл 200дөн ашык бала мектепке кире албай калган фактылар кездешти. Бул боюнча министрлик жана элчилик орус тарап менен тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Бул маселе 2024-жылы 10-июлда Кыргызстан-Орусия ортосунда өкмөттөр аралык комиссиянын 25-жыйынында талкууланган. Анын жыйынтыгы боюнча Орусиянын Билим берүү министрлигинин тийиштүү департаменти бул маселени көзөмөлгө алгандыгын бизге маалымдалган.
Андан тышкары бул маселе Москва шаарынын Билим берүү департаментине да кабарланып, акыркы жолугушууда кат менен кошо мектепке орношууну күтүп жаткан балдардын тизмеси берилген. Элчилик, консулдуктар жарандарыбызга, балдарды мектепке, бала бакчага берүү маселесин эрте баштагыла деп эскерткенине карабай, айрым мекендештерибиз мектепке киргизүү аракеттерин акыркы айларга калтырып, сентябрдын башында барган учурлар да кездешет. Орун жетпей же жашаган жери башка даректе, балдарын башка аймакта окуткусу келгендер бар. Министрлик бул кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерин улантууда. Ал эми Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан чет өлкөлүк жарандардын балдарына акысыз билим алууга тыюу салуу жаатындагы демилгеси тууралуу айтсак, бул демилгелер күчүнө кире элек. Ошентсе да кыргыз тарап алдын ала тиешелүү иштерди аткарып жатышат. Кыргыз тарап эгерде келечекте аталган мыйзам кабыл алынып, чектөөлөр киргизиле турган болсо, ЕАЭБнин мүчөсү катары биздин балдарыбызга артыкчылыктар берилиши керек деп эсептейт. Сөзсүз түрдө ар кандай деңгээлде бул маселени көтөргөнгө даярбыз, бул түздөн түз биздин жарандардын кызыкчылыгы.
Дагы караңыз
"Чубак ажыны тааныйсыңбы?" Жоолукчан аялдар Москвага кирбей кайтты"Азаттык": Буга чейин Орусияда миллиондой кыргызстандык иштеп жүрөт деп айтып келсек, соңку жылдары бул сан улам кыскарууда. Орусия Украинада согуш баштагандан тарта кыргыз жарандарынын саны 400 миңге чейин азайганы айтылып жатат. Азыркы тапта жалпы эле миграцияда, анын ичинде Орусияда канча кыргызстандык иштеп жатат?
Сейтек Жумакадыр уулу: Министрликтин болжолдуу маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө 605 миңдин тегерегиндеги Кыргызстандын жараны жүрөт. Эгерде салыштыра турган болсок, жарандарыбыздын саны 2023-жылы - 651 485, ал эми 2022-жылы – 836 994 болчу. Ал эми орус тараптын расмий маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата 334 миңге жакын жараныбыз миграциялык каттоого турган.
"Азаттык": Орусиядан келген кыргызстандыктар мекенге кайттыбы же башка өлкөлөргө кетип жатышабы? Кетсе кайсы өлкөлөргө кетип жатат?
Сейтек Жумакадыр уулу: Орусиядан кайткан же кире албай калган жарандарыбыздын кайсы бир бөлүгү Кыргызстанга кайтып жатат. Мигранттарыбыздын өлкөгө кайтуусунун негизги себеби өлкөдөгү экономикабыздын өсүшү, жаңы жумушчу орундардын түзүлүп жаткандыгына байланыштуу деп эсептейм. Дагы бир бөлүгү Түркия, АКШ, Корея, Бириккен Араб Эмирликтери, Германия, Италия, Улуу Британияга кетип жатканын статискадан байкоого болот.
"Азаттык": Украинадагы согуш башталгандан бери абактардагы кыргызстандыктарды майданга тартып жатканы боюнча кабарлар чыгып, бир нечеси каза болгону аныкталды. Бүгүнкү күндө канча кыргызстандык согушта каза болду? Негизи эле канча киши согушка тартылганы боюнча маалымат барбы?
Сейтек Жумакадыр уулу: Орусия менен Украинанын ортосунда жүрүп жаткан согуштук аракеттер башталган күндөн тартып, Орусиянын аймагындагы элчилик, консулдуктарыбыз абактардагы жарандарыбыз менен жеке жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Кыргызстанга которулуу жол-жоболорун тынбай түшүндүрүп жатышат. 2023-2024-жылдары жаза мөөнөтун өтөп жаткан 800дөн ашык жаран менен жолугушту. Бирок ошого карабай кээ бир жарандарыбыз Украинанын аймагында каза болуп келген учурлар болуп же согушка катышып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Алардын көпчүлүгү жакындарына, үй-бүлөсүнө айтпай кетишкен. Бул маселени 2022-жылы ТИМ менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Орусияда талкууланган. Орус тарап Кыргызстандын тынчсыздануусун туура кабыл аларын, андай аскердик аракеттерге алдын ала ырайым (помилование) алып, анан өз каалоосу менен кетип жатканын билдиришкен. Бизде 2024-жылы январда кабыл алынган "Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет өлкөлүк жарандарын Орусиянын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" жарлыгынын негизинде айрымдар өз ыктыяры менен, эч кимге кабарлабай эле, орус паспортун алып, анан кетип жатканы тууралуу маалымат бар. Орус тарап аларды Орусиянын жараны деп эсептегендиктен маалыматты тактоодо кыйынчылыктар жаралууда.
"Азаттык": Былтыр жыл соңунда Кыргызстандын 1100дөн ашуун жараны Орусияда абакта отурары айтылды эле. Алардын арасында канчасы согушка кетип калды. Учурда 1370 кыргызстандык бул өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатса, 833 жаран тергөө изоляторунда экени айтылган. Бул соңку учурда кылмышка аралашкандар көбөйдү дегенден кабар бербейби?
Сейтек Жумакадыр уулу: Ушул жылдын 1-ноябрына карата маалымат боюнча азыр Кыргызстандын 1661 жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 1370и Орусияда, 11 жаран Италияда абакта отурат. Быйыл Орусиядан 90, Тажикстандан 1, Казакстандан 9 соттолгон жараныбыз жазасын Кыргызстанда өтөө үчүн которулуп алып келинди. 57 жараныбыз Орусиядан Кыргызстанга которулуу этабын күтүүдө.
Жарандарыбыз согушка тартылып жаткандыгы тууралуу биздин колубузда факты жок. Бизди согушка азгырып жатат деп расмий кайрылышпайт. Болгону ыкчам байланыш телефондорубузга абакта отурган жарандарыбыздын жакындары тарабынан оозеки кайрылган учурлар бар. Алар боюнча элчилик, консулдуктарыбыз тиешелүү ыкчам иштерди жүргүзүшөт. Ошондой ыкчам аракеттердин аркасынан алгач согушка барууга макул болуп, кийин баш тарткан фактылар да аныкталууда. Ал эми көбү эч кимге, жакындарына да айтпай кетип жатышат.
Орус - украин конфликтиси башталганда, абактарда “Вагнер” тобу тарабынан согушка азгырыктар болуп жатканы тууралуу маалыматыбыз болгон. Согуштук аракеттерге катышып, сөөгү келген бир нече учурлар да болгон. Ошондо бул маселени 2021-жылы Бишкекте өткөн миграция боюнча кыргыз-орус жумушчу тобунда көтөргөнбүз, кийинки жылы март айында ТИМ менен Башкы прокуратура Москвага барганда, орус тараптын Жогорку сот, башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушууда да бул маселе айтылган. Орус тарап “Вагнер” тарабынан согушка тартылган учурлар болгонун тастыктап, бирок Вагнер жоюлгандан бери бул иш токтотулду деп бизди ишендиришти. Абактагы жарандарыбыз менен жолукканда, аларды Кыргызстанда жакындары чыдамсыздык менен күтүп жатканын, башка өлкөнүн аймагында согуштук аракеттерге катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилип жатат. Тилекке каршы, жогоруда белгилегендей, согуштук аракеттерге катышууга бара жатканын консулдарыбызга же элчиликке эмес, жакындарына да айтпай кеткенине күбө болуп жатабыз.
"Азаттык": Жакында эле “Азаттыкка” абакта жаткан тууганы эки жылдан бери дайынсыз экенин, ал согушка кеткенин айтып байланышка чыкканын билдирген эле. Дайынсыз болуп, туугандарын издеп кайрылгандар барбы?
Сейтек Жумакадыр уулу: Орусияда абакта отурат деген жараныбыздын жакындарынан бир кайрылуу түшкөн. Ал боюнча биз орус тарапка тиешелүү кайрылуу жолдогонбуз. Алынган расмий маалымат боюнча, ал жаран өз каалоосу менен орус паспортун алып, кийин бошоп кеткендиги тууралуу маалымат алдык. Кандай жагдайда, качан бошогону тууралуу орус тарапка кошумча кайрылганбыз, жоопту күтүп жатабыз.
"Азаттык": Москванын четиндеги "Сахарово" борборунда мигранттар укуктары бузулуп, акчалары жоголгонун айтып беришкен эле. Ушул багытта арыздангандар барбы, кандай иш алынып барылууда? Азыркы учурда чет элдиктерди кармоо жайларында канча кыргызстандык кармалып турат?
Сейтек Жумакадыр уулу: 2024-жылдын 6-ноябрына карата маалымат боюнча Кыргызстандын 72 жараны өлкөдөн чыгаруу чечимин күтүп, чет элдиктерди убактылуу кармоо жайларында турушат. Көптөрү расмий кайрылбайт. Кайрылуу түшсө, тийиштүү мекемелер менен бирге жарандардын укугун коргоо багытында бардык иштерди алып барабыз.
"Азаттык": Азыркы шартта четте иштеп жүргөн кыргызстандыктар эмнелерге көңүл бурушу керек?
Сейтек Жумакадыр уулу: Чет өлкөгө барууну пландап жаткан жараныбыз ошол бара жаткан өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн, миграциялык мыйзамдарын жакшы билип барса, өзүнө жеңил болот. Документтеринин көчүрмөсүн жасап, сактап коюусу керек. Жакындарына байланыш номурларын, тааныштарынын номурларын кабарлап койсо, ашыкча болбойт. ТИМдин, Элчиликтердин сайтында көрсөтүлгөн ыкчам байланыш телефондорун сактап алышы керек. Жергиликтүү элдин каада-салттарын жана үрп-адаттарын билип, аларды урматтоо менен мамиле кылуусу абзел.
"Азаттык": Быйыл жарандарды Орусиянын аэропортторунан жапырт артка кайтарган учурлар болду. ТИМ бул боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөргө барып, кандайдыр бир иш-аракеттерди аткардыбы?
Убара болуп келген мигранттар кимге кайрылышы керек?
Сейтек Жумакадыр уулу: Ооба, Орусиянын аэропортторунда текшерүү күчөп, чек арада узакка кармалып, бул өлкөгө кире албай калгандардан көптөгөн билдирүүлөр келип жатат. Бул маселе боюнча орус тарап менен тынымсыз сүйлөшүү жүрүп жатат. Ар бир кайрылган жаран боюнча орус тарапка нота жөнөтүп, тактап жатабыз. Мисалы, сентябрда ондогон студенттерибиз кире албай калган фактылар кездешти. Алардын ар бири боюнча нота жөнөтүп, тактап, маселе оң жагына чечилген учурлар бар. Орус тараптын маалыматы боюнча, мындай текшерүүлөр бардык чет өлкөлүк жарандарга карата жүрүп жатат. Ошондуктан Министрлик күчөтүлгөн көзөмөл тартиби алынганга чейин Орусияга баруудан убактылуу карманып турууну, текшерүүлөргө даяр болууну эскертип жатабыз. Бул маселени октябрь айында Москвада өткөн кыргыз-орус жумушчу тобунун 17-отурумунун алкагында Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова да көтөрдү. Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.
Орусияга кире албай калган жарандар, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине, Орусиянын аймагындагы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жана анын ошол жактагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, консултативдик-укуктук жардам ала алышат. Учурда кырдаалга жана жарандарынын укуктук абалына тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүлүп жатат.
"Азаттык": Соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга келип кайра кыргыз паспортун алгандар көбөйүп жатканы тууралуу жазганбыз. Негизи эле эгемендик алган жылдардан бери канча кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алды?
Сейтек Жумакадыр уулу: Эгемендик алгандан бери 650 миңдин тегерегиндеги кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын алган. Алардын арасында 90-жылдары алган көптөгөн орус жана башка улуттагылар да бар экендигин эске алышыбыз керек.