"Электр энергиясы жетпей жатат". Кыргызстан электр импортун дагы көбөйтөт

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы күчөп баратат. 2024-жылы дефицит 3 млрд кВт/саатты түзсө, жакынкы жылдары 5-6 миллиардга чейин жетери айтылууда. ГЭСтер оңдолуп, чакан станциялар салынып жатканы менен, ал тартыштыкты жаба албай, өкмөт импортту көбөйтүүгө аргасыз.

Энергетика кризистеби? Кышында жарык өчпөйбү? Тармактагы абал боюнча негизги суроо-жооптор.

Кыргызстанга канча электр энергиясы керек?

Кыргызстан 2024-жылы 17,5 млрд киловатт-саат электр жарыгын колдонот деп эсептелди. Өлкөдө анын 14,8 миллиарды гана өндүрүлөт. Айырмасын импорттун эсебинен жабууга туура келет. Келишимдерге ылайык, быйыл 3,2 млрд кВт/саат бул мамлекеттерден алынат:

  • Түркмөнстандан 1,5 млрд кВт/с;
  • Казакстандан 1,1 млрд кВт/с;
  • Өзбекстандан 485 млн кВт/с;
  • Орусиядан 80 млн кВт/с.

2025-жылы керектөө дагы өсүп, 18 млрд кВт/с талап кылынат. Ал эми импорт 3,9 млрд кВт/саатка жетет. Бул быйылкыдан 700 миллион киловатт саатка көп. Жетишпеген электр жарыгы кайра эле Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан алынат.

Импортко канча кетет?

Импорттук энергиянын баасын жашыруун маалымат деп, энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин депутаттарына да айтуудан баш тартты. Ал түшүндүргөндөй, Кыргызстанга жарык экспорттогон өлкөлөр башка мамлекеттерге да сатканы үчүн баасы ачык айтылбайт.

2023-жылы электр энергиясы 3 центтен (ал убактагы курс боюнча 2,6 сом) алынып жатканы расмий айтылган эле. Энергетик Расул Умбеталиевдин кабарында, былтыр электр энергиясы орточо 2 сом 48 тыйындан импорттолгон. Акыркы жылдары Кыргызстан жарыкты ошол эле өлкөлөрдөн алып жатат.

“2,5-2,6 сом деген 1 киловатт-сааттын гана баасы. Андан тышкары транспорттоо бар, - дейт “Азаттыкка” берген маегинде Энергетика илимий-изилдөө институтунун кызматкери Мырзатай Султаналиев. – Мисалы, Түркмөнстандан алсак, Өзбекстанга транзит үчүн төлөшүбүз керек. Орусиядан алсак, Казакстанга төлөйбүз. Кыргызстанга келген бааны расмий айтышпаса эле, так айтуу кыйын”.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы сырттан электр энергиясын жана Бишкек ЖЭБи (ТЭЦ) үчүн көмүр сатып алууга бюджеттен 9 млрд сом бөлүндү. Бирок импорттук жарыктын ар бир киловатт-сааты канчага айланып жатканы боюнча так маалымат жок.

Быйыл жазында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп каларын эскертишет.

Дефицит дагы көбөйөбү?

“Биз энергияга муктажбыз. Чындыгында дефицит бар, импорт көбөйүүдө”, - дейт өкмөткө караштуу “Жашыл энергетика фондунун” директору Кундус Кырбашева.

Анын айтымында, энергияга болгон суроо-талап жылдан жылга өсө берет, андыктан, Кыргызстан кандай жол менен болсо да өндүрүүнү көбөйтө бериши керек:

“Бүгүнкү күндө импорт 3,5 млрд кВт/с болсо, үч-төрт жылдан кийин 5-6 миллиарддан ашышы мүмкүн”.

Электр энергиясына болгон муктаждык жылына 500 млн кВт/сааттын тегерегинде өсүп жатат. Жогоруда айтылгандай, Кыргызстан быйыл 3,2 млрд кВт/с импорттосо, 2025-жылы 3,9 млрд кВт/с сатып алат.

Энергетика кризистеби?

“Ооба, бизде электр энергиясы жетишпей жатат. Бүгүнкү күндө көрүлүп жаткан чаралар өзүбүздү камсыз кылууга жетишсиз. Бирок кризис деген туура эмес”, - дейт Энергетика илимий-изилдөө институтунун эксперти Мырзатай Султаналиев.

Өкмөт да өз билдирүүлөрүндө кризис деген аныктаманы колдонбойт. Расмий маалыматтарга гана таянсак, 2024-жылы керектелген электр энергиясынын 18%, ал эми 2025-жылы 21% импорттолот. Башкача айтканда, Кыргызстан өзүн жарык менен 80% тегерегинде гана камсыздап жатат.

2022-жылы Дүйнөлүк банк энергетика кыргыз экономикасынын локомотиви эмес, тормозу болуп калганын айткан. Бул тармак толугу менен дотациядан көз каранды болуп, карызы 1,5 млрд долларга жеткен.

Энергетика бүгүн да мамлекеттин колдоосунан көз каранды. 2024-жылы бюджеттен ага 94 млрд сом бөлүндү. Бул былтыркыдан 20 млрд сомго көп. Рекорддук каражаттар стратегиялык маанидеги энергетикалык компаниялардын абалын чыңдоого, электр энергиясын импорттоого, ЖЭБди оңдоого, субсидияга жана башка максаттарга бөлүнүп жатат.

Кыргызстанда электр жана жылуулуктун тарифтери өз наркынан төмөн болгондуктан, айырмасы бюджеттин эсебинен жабылат. 2024-жылы жылуулукту субсидиялоого гана 4,3 млрд сом бөлүндү.

Кышында жарык өчпөйбү?

Октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңешке барып, депутаттар бул суроону кайра-кайра берип жатышты. Министр электр энергиясын өчүрбөй берүү анын милдети экенин айтты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаевдин: “Өчөбү же өчпөйбү? Ошону эле айтып коюңузчу”, - деген өтүнүчүнө министр “өчүрбөгөнгө аракет кылабыз” деп кыска жооп берди.

Кыргызстанда жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүшү кылдат маселе. Өкмөт электр энергиясы атайын пландалып өчүрүлгөн учурларда да бул веердик өчүрүүлөр эмес деп басым жасап келет. Ал эми өчкөн учурда, оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылат.

Министр Ибраев оңдоо иштери 1-ноябрга чейин толугу менен аяктап, андан кийин жарык өчпөй турганын убадалады. Бирок ал авариялык учурлар болуп калышы мүмкүндүгүн эскертти.

Дефицит кантип жоюлат?

Кыргызстанда электр тартыштыгын азайтуу үчүн бир топ долбоорлор ишке ашып жатат. Эң ири Токтогул ГЭСинде үч агрегат реконструкциядан өтүп, 2025-жылы төртүнчүсү да оңдоло баштайт. Реконструкциядан кийин 1200 мегаваттык ГЭСке 240 мВт кубаттуулук кошулат.

Күрп-Сай, Үч-Коргон, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр ГЭСтеринде да агрегаттар оңдолууда. 1,9 млрд кВт/с жарык берген Бишкек ЖЭБи реконструкциядан кийин 100 млн кВт/с көбүрөөк өндүрө баштайт. Андан тышкары, чакан ГЭСтер активдүү салынып, күн, шамал станцияларын курууга келишимдер түзүлүп жатат.

Токтогул ГЭСинде гидроагрегатты оңдоо иштери. Август, 2024-жыл.

Бирок мунун баары өсүп жаткан суроо-талапты жаба албайт дейт Энергетика илимий-изилдөө институтунун кызматкери Мырзатай Султаналиев:

“Мисалы, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому бир жылда 180 млн кВт/с чыгарат. 180 млн деген – бул деңиздеги бир тамчы. Чакан ГЭСтерден, күндүн нурунан, шамалдан алынган кубаттуулуктардан биз эч качан керектүү көлөмдү ала албайбыз. Бизге жылуулук электр станциялары жана кичи атомдук станциялар керек. Бир булактан көз каранды болбой тургандай ар кандай кубаттуулуктар керек”.

Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирүүчү мегадолбоор катары Камбар-Ата-1 ГЭСи каралып келет. 20 жылдан ашуун кагаз бетинде калып келген долбоорго өкмөт активдүү түрдө инвесторлорду чакырууда. Ага 4 млрд доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Үч өлкөнүн ортосунда ГЭСти башкара турган биргелешкен компания түзүлөт. Анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт.

Камбар-Ата-1ди куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Ал Кыргызстандагы экинчи ири ГЭС болмокчу.

Муну менен катар кыргыз бийлиги атомдук электр станциясын куруу мүмкүнчүлүгүн да карап жатат. Ал качан, кайсы жерде курулаары азырынча так чечиле элек. Бирок долбоорду ишке ашыруу боюнча орусиялык “Росатом” менен меморандум түзүлгөн. Энергетика министри Таалайбек Ибраев октябрда АЭСти куруу боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.