"Реновация - деген жөн эле жаңылоо"
Аталган мекеменин жетекчиси Нурдан Орунтаев журналисттерге 26-ноябрдагы маалымат жыйынында өткөн кылымдын 50-60-жылдары курулган көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жетип, коркунуч жарата баштаганын айтты.
"Реновация - деген бул жөн эле жаңылоо. Акыры совет мезгилинде курулган үйлөрдө түбөлүк жашабайбыз да. "Алар качан кулап калат" деп жарандарыбыздын өмүрүн тобокелге салбайбыз да. Ооба, кезинде үйлөр сапаттуу курулган, бирок ар бир нерсенин мөөнөтү бар. "Сталинка", "Хрущёвка" деп аталган үйлөр өткөн кылымдын 50-60-жылдары курулган. Алар болгону 50 жылга мерчемделген, азыр болсо аларга 80 жыл болду. Бул типтеги үйлөрдө ал тургай пайдубалы цементтен эмес, бышык кыштан жасалган. Бул деген сейсмикалык жактан туруксуз, ал кооптуу".
Орунтаевдин билдиришинче, союз учурунда Сталин, Хрущевдин убагында курулган үйлөр Бишкекте көп. Аларды эл арасында "сталиндик", "хрущевдук" үйлөр деп аташат. Болжолдуу 500 батири бар үй бир нече гектар жерди ээлеп, 10 миң чарчы метрдей гана турак жайды түзүп жаткан болсо, азыркы жаңы технологиялар менен заман талабына ылайык, ошол эле жерге 100 миң чарчы метрлик, көп батирди курууга болот.
Ошондой эле Орунтаев көп кабаттуу үй куруу боюнча америкалык заманбап программа сатып алганын айтууда. Ал программага инвестиция тартылып жана мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт.
Тагыраак айтканда, инвестор бул программанын алкагында жер тилкесин сатып алууну кааласа, тиешелүү органдарга кайрылат жана ага уруксат алат. Андан кийин сүрдүрүлө турган үйдүн тургундарына барып, алар менен сүйлөшөт. Ал батирлерди базар баасында сатып алат же башка жолдорун таап сүйлөшөт. Аягында эски үйдү сүрүп, ордуна жаңысын тургузат. Эгерде үйдүн көпчүлүк жашоочусу буга каршы чыкса анда бузулбайт деп ишендирүүдө.
Бирок аталган мекеменин жетекчиси программа качан ишке кирерин, ал кайсы мыйзамдын негизинде иш алып барарын айткан жок.
Суу, канализация жетеби?
Архитектор жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков курулуш агенттигинин бул демилгесине азыркы мыйзам жол берерин, бирок кылдат, терең эсептөө керек экенин айтууда:
"Үйдү уратам десе, Жер кодексинде жазылган. Мамлекет анын ордуна базар баасы менен кенемте төлөшү керек. Же болбосо батир бериш керек. Муну мамлекет өз моюнуна алышы керек. Бул чоң каражат. Бүгүнкү мыйзам буга жол берет. Эгерде мыйзамды сыртка чыгарам десе, анда сот менен чечиши керек. Экинчи маселе - инженердик коммуникация. Чоң эсептөөлөр керек, ошол жерге суу, канализация жетеби, электр энергия кандай болот? Ошонун баарын эсептеш керек".
Расмий маалыматтарга караганда, союз убагында Бишкекте 1500дөн ашуун көп кабаттуу үй курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын пайдалануу мөөнөтү 50-70 жыл деп эсептелген.
Жашоочулар эмне дейт?
Биз Бишкектеги бул үйлөрдүн жашоочуларына суроо узатып, пикирин билүүгө аракет кылдык.
25 жылдан бери аталган үйлөрдүн биринде жашаган Мухаммедкалый Чабыкеев буларды айтты.
"Эгерде мамлекет кепилдик берип, жеке компания же инвестор курса макулмун. Эгер мамлекет кепилдик бере албаса, акчасын салып артынан чуркап жүргөндөрү канча? Бул оюнчук эмес да. Бизде бир подъездде 12 батир бар. Демек, 12 үй бүлө жашап турушу керек ал үй бүткөнчө. Аны төлөп бериши керек же башка үйдөн даяр үй бере алабы, бере албайбы? Бул чоң суроо".
Ал эми атын атагысы келбеген дагы бир шаар тургуну эски үйлөр бекем болорун, кары адамдарды көчүрүү туура эместигин айтат.
"Мен эски үйлөр бекем курулган деп эсептейм. Дубалынын калыңдыгы жарым метрге жетет. 90-жылдары 6 баллдык жер титирөө болгондо жарака да кеткен эмес. Мен буга каршымын. Анткени кары адамдарды көчүрүп жатканды элестетсеңиз".
Реновация программасы 2017-жылы Орусиянын Москва шаарында ишке кирген. Бул үчүн Орусиянын Мамлекеттик Думасы атайын мыйзам кабыл алып, шаардын 85 районунда төрт жарым миңден ашуун үйдү бузган. Алардын жашоочуларын жаңы конуштарга көчүрүүгө убада берилген. Мындай аракет көптөгөн москвалыктардын нааразылыгын жаратып, бир нече жолу каршылык акциялары да өтүп, камакка алынган учурлар да болгон.
"Көйгөйдү көбөйтүшү мүмкүн"
Архитекторлор союзунун төрагасы Бейсен Кариев Курулуш агенттигинин демилгесин колдойт, бирок комплекстүү иш алып барбаса, шаардагы көйгөйлөр курчуй берет деген пикирде:
"Үч кабаттуу үйлөрдү бузуп, анын ордуна 17 кабаттуу үй тургузуп койсо, кайра Бишкектеги көйгөйлөр көбөйө берет. Анткени курулуш компаниялары өздөрү курса, алар бүт жашоочулар менен сүйлөшө албайт. Ошон үчүн мамлекеттин же шаардын деңгээлинде комплекстүү иш жасаш керек. "Мына бул жерден силерге үй беребиз, мындай район жайгашат, бала бакча, мектеп, башка кызматтар болот" деп элге көрсөтүп жасалса жакшы болот".
Бишкек мэриясы Курулуш агенттигинин бул демилгесине азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров жана калаа мэри Айбек Жунушалиев дагы Бишкек шаарын туурасынан эмес, тигинен чоңойтуу керектигин белгилешкен.
Дагы караңыз "Батирлер базар баасынан арзан болот". Жаңы социалдык программа муктаждыкты чечеби?