Украина 27-ноябрга караган түнү да Орусиянын дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Алардын айтымында, жайкын тургундар арасында жабыркагандар бар.
Киев облустук аскердик администрациясынын маалыматына караганда, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары борбор калаанын Днепровский районунун аймагына түшүп, кеминде бир киши жараат алды. Аны ооруканага жеткиришти.
Жалпысынан жабыркагандар үч киши деп эсептелип жатканы, алардын экөө медициналык жардамга муктаж экени маалымдалды. Бул тууралуу Киев мэри Виталий Кличко билдирди.
Ал эми Запорожье облусунда, аймактын башчысы Евгений Балицкий маалымдагандай, электр зымдары үзүлүп, жалпы облус жарыксыз калды, азыр адистер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат, негизги маанилүү объектилер генераторго туташтырылды.
Кечээ Украина Орусиянын "рекорддук сандагы" дрон соккусуна кабылганын билдирген. "Искандер-М" ракеталарынан төртөө, согуштук дрондордон 188и колдонулганы, алардын 76сы 16 облус аймагында, анын ичинде Киев облусунда атып түшүрүлгөнү маалымдалган. Борбор калаада абадан эскертүү беш саат уланган. Дрон сыныктарынан үйлөр, электр зымдары талкаланган. (RK)
Дагы караңыз
Румынияда президенттикке орусиячыл талапкердин ат салышуусуна нааразылык айтылуудаКызыл-Кыяда төрт баланы сабаган 12 өспүрүм кармалдыБишкектеги “Ай-Пери” бизнес борборун 568 млн сомго сатуу пландалууда"Чубак ажыны тааныйсыңбы?" Жоолукчан аялдар Москвага кирбей кайтты