Румынияда президенттик шайлоонун биринчи турунда алдыга чыккан Кэлин Жоржескуга каршы нааразылык акциялары борбор калаа Бухаресттен тышкары аймактарга да жайылды. 26-ноябрдын кечинде митингдер Тимишоаре, Яссы, Брашов жана Сибиу шаарларында өттү.
Бухарестте нааразылык акциясы эки күн мурда башталган. 1000ге жакын киши, көбүнчө жаштар шаардын Университет аянтына чогулуп, Жоржескунун радикал көз караштарына жана өлкөнүн келечегине тынчсыздануусун билдиришти.
24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда орусиячыл талапкер, мурда "Румындарды бириктирүү үчүн альянс" (AUR) ашынган оңчул партиясынын мүчөсү болгон, Европа Биримдигин жана НАТОну сындап жүргөн Кэлин Жоржеску алдыга чыккан. Ал добуштардын 22,94% алган.
8-декабрда өтө турган экинчи турда Жоржеску "Румынияны сактоо союзу" либерал партиясынын талапкери, 2020-жылдан бери Кымпулунг шаарын башкарып келаткан, биринчи турда добуштардын 19,18% алган Елена Ласкони менен ат салышат.
Шайлоого жалпысынан 13 талапкер катышты. Экинчи турда жеңип чыгыш үчүн добуштардын 50% ашыгын алуу зарыл.
Жекшембидеги шайлоого добуш берүү укугуна ээ румындыктардын 52% (9,44 миллион киши) ашууну катышты, беш жыл мурдагы шайлоодо 51,18% болгон.
62 жаштагы Жоржеску АКШнын Украинага көрсөтүп жаткан жардамын сындаган. Өзүнүн шайлоо алдындагы өнөктүгүн ал негизинен TikTok платформасы аркылуу жүргүздү, ошол жактан популярдуу болду. Ал жергиликтүү фермерлерди колдоо, импорттон көз карандылыкты азайтуу, энергия жана азык-түлүк өндүрүү көлөмүн жогорулатуу зарылдыгын айтууда.
Сурамжылоолор Жоржеску ашып кетсе алтынчы орунду ээлей турганын көрсөткөн, ошондуктан анын алдыга чыгышын Румыниянын саясий айдыңындагы "шок", "күтүүсүздүк" жана "силкинүү" деп атап жатышат. (RK)
Дагы караңыз
Кызыл-Кыяда төрт баланы сабаган 12 өспүрүм кармалдыБишкектеги “Ай-Пери” бизнес борборун 568 млн сомго сатуу пландалууда"Чубак ажыны тааныйсыңбы?" Жоолукчан аялдар Москвага кирбей кайтты Улуттук банк эсептик ченди 9% менен калтырды