Израил менен “Хезболла” ок атышууну токтотууну макулдашты

Ливандын борбору Бейрут. 26-ноябрь, 2024-жыл.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Коопсуздук кабинети “Хезболла” менен ок атышпоо келишимин жактырды. Келишимди 10 адам колдоп, бирөө каршы добуш берген. Биньямин Нетаньяху ок атышпоо келишимин коргоп, ал Коопсуздук кабинетине планды кабыл алууну сунуштаган жана эгер келишим бузула турган болсо “Хезболлага” катуу сокку урарын убада кылган.

АКШнын президенти Жо Байден билдирүү жасап, Израил жана Ливандын премьер-министрлери менен телефондон сүйлөшкөнүн айтты.

“Эми Хамаста тандоо турат. Алардын абалдан чыгуунан бирден-бир жолу - барымтадагыларды, анын ичинде АКШнын жарандарын бошотуу. Бул согушту токтотуп, гуманитардык жардамды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. АКШ жакынкы күндөрү Түркия, Египет, Катар, Израил жана башка өлкөлөр менен Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн дагы бир аракет жасайт”, - деди Жо Байден.

“Хезболланы” АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынан депутаттар бар.

Быйыл 23-сентябрдан бери Израил “Хезболлага” каршы “Түндүк жебе” операциясын жүргүзүп жаткан. Анын максаты топтун аскердик инфраструктурасын талкалоо жана Израилдин түндүк тилкесиндеги эвакуация болгон жарандарынын үйүнө кайтуусуна шарт түзүү экени белгиленген. Израилдин “Хезболла” менен кармашы күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн.

2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун кол салуусуна кабылганын, ХАМАС 1197 адамды өлтүрүлүп, 251 кишини барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан “Хезболланын” ракеталык аткылоосу болгонун билдирген жана аларга каршы согуш баштаган. Ошондон бери Газада 44 миңдей, Ливанда 3 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн Газа боюнча ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан эмес. (BTo)

Дагы караңыз

Грузия: 14-декабрда президентти шайлоочулар коллегиясы тандайтОрусия британ дипломатын тыңчылыкка айыптап, өлкөдөн чыгарууда"Жаңы күч" партиясы Бишкек шаардык кеңешинде 17 мандат алатАла-Букада мектептин сапатсыз курулушу боюнча кылмыш иши козголдуМамбет Мамакеевдин сөөгү “Ата-Бейиттеги” “Баатырлар аллеясында” жерге берилдиУкраина Орусиянын "рекорддук сандагы" дрон чабуулуна кабылганын билдирдиМайыптардын социалдык стационарында шарт жоктугу сынга алынды Кыргызстанда быйыл аялдар зомбулук көргөн 14 миңден ашуун учур катталды