Улукмандын учугун улаган дарыгер келбес жайга кетти

Эрнст Акрамов

Медицина айдыңындагы жарык жылдыздардын бири хирург Эрнст Акрамов дүйнө салды. Бир келген өмүрдү медицинага арнап, эки доордо эчен бейтаптарды ажал оозунан алып калган айтылуу дарыгер жөнөкөй жашоо-турмуш кечирген.

Апыртпай айтканда деле, Эрнст ага Гиппократка берген антын ашыгы менен аткарды.

Мээнеттин акыбети

89 жашында бул жалганды таштаган айтылуу хирург, окумуштуу, республиканын эмгек сиңирген дарыгери, илимге зор эмгек өтөгөн аалым Эрнст Акрамовдун өмүр жолу элдин көбүнө белгилүү. Ал өзү маалымдоо каражат өкүлдөрүнүн суроолоруна эринбей жооп берчү, коомдук маанилүү маселелерге пикирин такай билдирип турчу. Учурунда СССРдин элдик депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын баатыры, маданий жаатта бир топ соопчулук иштерди жасаган улуу инсан.

1960-жылы медициналык институтту аяктагандан кийин Бишкектеги №2-клиникалык ооруканада, 1992-жылдан бери Чүй облустук ооруканасында иштеп келди. 1967-жылы кандидаттык, 1990-жылы доктордук диссертациясын коргогон, 16 монографиянын, 300 ашуун илимий эмгектин автору, 23 патенттин ээси. Жаш кезинде спорт гимнастикасы боюнча СССРдин спорт чебери, республиканын курама командасынын мүчөсү болгон. 2006-жылы Кыргызстандын "Өрнөктүү адамдарынын өмүр жолу" сериясында Эрнст Акрамов тууралуу китеп чыккан. Бир адам үчүн өтө эле көптөй көрүнгөн ар тараптуу таланты, жөндөм-шыгы үчүн ал ириде ата-энесине милдеттүү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Хирург Акрамовду коргоо штабы түзүлдү

Жалаң дарыгерлик менен эле алектенбей, Эрнст Хашимович бир топ жыл саясатка аралашып, "Менин өлкөм" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, парламент депутаты болду. Алдуу-күчтүү кезинде демөөрчүлөрдү таап, классикалык музыка кечелерин уюштурган, анысы "Акрамовдун кечелери" деп кыйла жыл Кыргыз опера жана балет театрында өткөрүлдү. Классикалык адабиятты, маданиятты мыкты билген бийик интеллектуалдын маданий соопчулук иштерин санап отурса кыйла узун сөз болор эле.

Эрнст Акрамов мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ата-энеси жөнөкөй адамдар болушкан. Ал өзү канында Орто Азия элдеринин баарынын гени бар экенин, үч баланын ичинен жалгыз карындашы эрте каза болуп калганын, иниси шаардагы үйүндө турарын, өзү болсо бир чети ишке ыңгайлуу, экинчи жагынан бейтаптар менен бирге болоюн деп оорукананын бир бөлмөсүн ээлеп турарын, адамды ажал оозунан арачалып калууну баарынан жогору коёрун жөнөкөй бир иштей сыпаттачу. Алтымыш төрт жылдан бери сүйгөн кесибин аркалап, бир жерде иштеп келатканын айтчу. Эл алдында мактанууну билбеген, бирок иш дегенде баарын жыйыштырып койгон мээнеткеч болчу.

Медициналык институттун алтынчы курсуна келгенде хирургияны тандап алганын, кесип тандоо дегени деле капыс болуп калганын, бала кезден дарыгер болууну гана эңсеп келбегенин жашырчу эмес. Жалпы профилдеги хирург баарына даяр болушу керек, көкүрөк, ич, кан тамыр, боор, табарсык сындуу адамдын аялуу жерлерине операция жасоо медицинанын эң оор тармагы экенин ырастап, бул ишти өмүр бою үйрөнүп, изилдеп, тажрыйбадан өткөргөнүн кайталоодон тажачу эмес.

Дарыгердин түйшүгү

Ар кандай татаал ишти жөнөкөй түшүндүргөн Эрнст Акрамов "чындап киришсе мындан өткөн оор кесип медицинада жок" дечү. Анткени бейтаптын ооруган жерин кесип, илдеттин себепкерин жок кылуу - абдан кыйын жумуш. Операциядан кийин оорулуунун өзүнө келиши, аз-аздан сакайышы кыйла убакытты, жоопкерчиликти талап кылган түйшүктүү иш. Операциялардын баары эле ийгиликтүү өтпөстүгүн, арадан ар кыл татаалдыктар чыгып каларын, баарынан кыйыны - операциядан кийин бейтап тез эле сакайып кетпестигин эскертчү.

Жыйынтык начар чыгып калса, жоопкерчилик баары бир дарыгерге жүктөлөрүн, анын күнөөсү болбосо деле айыпка жыгыларын, жетигип калган ооруну айыктырыш дарыгердин деле колунан келбесин, өмүрү үзүлгөн бейтаптын артындагы кайгы-касиретин, күйүтүн дарыгер да кошо тартарын, мунун баары адам өмүрүнүн тоодой жоопкерчилигине байланган иш экенин такай эскертип турчу.

Эрнст Акрамов маектеринин биринде мына ушул маселеге токтолгон:

«Элде болсо дарыгер эле союп салды деген пикир калат. Операциянын адистер гана билчү татаалдыгын майдалап бейтаптын туугандарына айта албайсың, айтсаң да аны түшүнбөйт, баарынын эле медициналык билими жок. Абдан татаал жагдайлар болуп калат. Сенин колуңдагы курч бычактын мизинде бейтаптын мындан аркы өмүрү турганда кесибиңдин ушунчалык оордугун, жоопкерчилиги бийиктигин сезесиң. Хирургияны эч бир кесип менен алмаштырууга болбойт. Мисалы, актерду алалы. Текстти унутуп, башка сөздү айтып койду. Адамдар кыраан-каткы күлүшөт, андан трагедия болуп кетпейт да. Же окута турган материалын билбеген мугалимди алалы. Аны урушат же уялтышат. Андан эч ким өлбөйт да. Ал эми сенин колуңда адам өмүрү турганда баары өтө олуттуу, жоопкерчилиги өтө эле бийик".

Эрнст Акрамов өмүрү өткөнчө хирургиянын жооптуулугун, татаалдыгын, кыйындыгын ырастоодон тажаган жок. Медицинанын башка тармактары деле маанилүү экенин, терапия, кардиология, башкалары деле өтө керектүү, адам өмүрү үчүн маанилүү экенин, бирок да хирург курч бычагы менен адам организмине баш багарын, канды көргөндө калтаарыбай өз ишин жасоого киришерин, бул деген адам өмүрү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууну түшүндүрөрүн кайталай берчү.

Акча азгырыгы

Ошол эле кезде ал заман оошуп, доор алмашканы көп нерселер өзгөрүп, жеке клиникалар ачылып, көпчүлүк учурда олуттуу негизи болбосо деле бейтапты операция столуна сүйрөө күч алып кеткенине нааразы экенин жашырбай айтчу. Рынок мамилеси капуста менен картөшкө сатууга жараганы менен, аны кулактан жетелеп медицинага алып кирүүнү жактырбастыгын баса көрсөтчү. Оору аябай өтүшүп, айыктыруунун жападан-жалгыз жолу операцияга гана байланып калганда, бул ишке хирургдун кийлигишүүсү керектигин, мындайда бейтаптын операциядан кийинки оңолуусу ыкчам жүрөрүн кайталачу.

Акчанын артынан кубалаган айрым дарыгерлер операциясыз деле дарылоого мүмкүн болгон бейтаптарды операцияга жаткырып жүрүшкөнүн айтып, Э.Акрамов медицинанын коммерцияланып кетишине каршы экенин жашырчу эмес.

Хирургияда абсолюттук жана салыштырмалуу көрсөткүчтөр болорун, абсолюттук көрсөткүчтө гана операция жасалышы керектигин эскертчү.

Акча деп жасалып калган ошондой кокуйгүн операциялардан оңолбой калгандардын канчасын кайрадан дарылап, алаңгазарлардын айыбын жаап, кемчилигин жойгонун өкүнүч менен белгилечү. Медик билбегендерди алдап, будамайлап акча таппашы керек, каражат анын чеберчилигине жараша бөлүнүшү керек дечү.

Буга улай Эрнст Акрамов азыркы медицинанын көпчүлүккө белгилүү дагы бир көйгөйү тууралуу пикирин алдыга чыгарчу. Дарыгерлердин жарыбаган маяна менен иштеп жатканын, ак халатчандар айласыздан пара алышарын, буга мамлекет күнөөлүү экенин белгилечү.

Анын ушу таптагы медицина кызматы туш келип жаткан опол тоодой проблемалар жайында айткандарынын бир тобу талаш чакырганы менен, андан залкар дарыгердин жөнөкөй адамга деген камкордугу, медициналык колдоого муктаж миллиондордун ый-арманы угулуп турчу. Ооруканалардагы опсуз узун кезектер, дарыгерде акыркы үмүтү калган бейтаптар Эрнст Акрамовдун эң жакын адамдары болчу. Ооруканада жатып алып күн-түн, майрам, дем алыш дебей абалы оорлошуп келгендерди кабыл алып, дарылап, операция жасап, анысы үчүн бир тыйын албаган жубардай таза дарыгер, көкүрөгүн койгулабаган, өз ишинин чыныгы устасы, баарынан мыктысы, чынчыл адам бул дүйнөдөн өттү.

Ал өзү пара албаганын, бирок айрым бейтаптар алып келген бир бөтөлкө коньяк менен бир куту конфетти оорукананын бир жагын жамаса экинчи жагынан тешиги чыккан эски имараттын жабдууларын оңдоочуларга берип, иштетип келгенин жашырчу эмес.

Дарыгердин тапканы бир үй-бүлөгө жетпестигин ойлоп, турмуш курбай так жашап өтөрүн, тагдырдын оор соккусуна кабылган жакын адамын камкордукка алганын айтчу. Бакыт жайында кеп болгондо ал эртең менен эрте туруп кыйналбай даарат ушатып, ичин бошотуп алганды бактылуу адам деп эсептээрин, турмушта байлыгы ашып-ташып кетпегенин, бирок да итке минген кедей деле эместигин, эч кимди сатпай, башка бирөөнүн мүлкүнө көз артпаганын, башкаларга ийилип кошомат кылбай, таза жашаганын, бет келген адамдын көзүнө тик карай аларын ырастачу.

Минтип бардык эле адам айта албайт. Медицинага кошкон чоң жаңылыгы - анын патентинин негизинде жасалган жабдуу көп адамдардын өмүрүн сактап келатканын сыймыктануу менен белгилечү.

  • Эрнст Акрамов 1992-жылдан тартып Чүй облустук бириккен ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүн башкарды.
  • Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору, Кыргыз-Орус Славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору (2003-жылдан) болгон.

Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюла турган болду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сөзүнө караганда, бул жайга коюну дарыгер көзү тирүүсүндө суранган. Мындай мазмундагы кат менен Акрамов 2023-жылы президентке кайрылган экен.