Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Жаза аткаруу кызматынын жаза өтөө мекемелеринде терроризм жана экстремизм мүнөзүндөгү кылмыш иштери менен соттолгон 170 адам, жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков жаза өтөөчү жайларда экстремизмдин пайда болушу жана жайылышынын алдын алуу, террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду дерадикалдаштыруу маселелерин талкуулаган илимий-практикалык конференцияда билдирди.
Садыков жаза аткаруу мекемелеринде түзөтүү, тарбиялоо, эмгекке тартуу жана коом менен аралаштыруу максатында коңшу өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, 2024-жылы өлкөдө төрт социалдык реабилитациялоо жана адаптациялоо борбору түзүлдү.
"Борборлордо абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет, соттолгондор диний ырым-жырымдарды жасоого укуктуу. Жаза аткаруу кызматы жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын дин тутуу эркиндигин чектебейт”, - деди Садыков.
Бишкекте 25-ноябрда “Пенитенциардык мекемелерде экстремизмдин пайда болушу жана жайылышынын алдын алуу, террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду дерадикалдаштыруу жана ресоциалдаштыруунун актуалдуу маселелери: эл аралык тажрыйба жана инновациялык мамилелер" деген аталышта аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Анда абак жайларда терроризм жана экстремизм үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткандарды туура жолго салуу, түшүндүрүү, окутуу иштерин жүргүзүү, бул үчүн атайын адистерди пайдалануу, алардын кайра кылмышка аралашпашы үчүн шарт түзүү маселелери талкууланды.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тиешелүү тармактарынын адистери, илимий коомчулук катышты.(ZKo)
Дагы караңыз
Жоомарт Карабаевдин соту 28-ноябрга жылдыМамлекеттик кызматка баргандарды ант берүүгө милдеттендирүү сунушталдыБишкекте көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу каралуудаОрусия согушка Йемен жарандарын жөнөтүп жатканы кабарландыАКШ Украинага Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бергенин ырастады