Кыргызстанда 4 миңден ашуун диний уюм каттоодо турат

Борбордук мечит. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 4 313 диний уюм расмий каттоодон өткөн. Анын 3 миң 914ү ислам, 395и христиан багытындагы уюмдар. Алардан тышкары 3 бахаи, 1 иудей жана 1 буддисттер жамааты каттоодон өткөн. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов 25-ноябрда Бишкектеги илимий конференцияда билдирди.

Анын айтымында, катталган диний уюмдардын ичинен эң ириси - Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы. Ошондой эле ислам багытындагы уюмдардын ичинде 3 миң 593 мечит жана 220 диний окуу жай бар.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлган. Президент Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен аталган мыйзам долбоорун талкуулады. Анда коомдук талкууга чыгарылган документке кошумча-алымчалар сунушталып, айрым тактоолор киргизилген.


Коомдо бул мыйзам долбоорун "дааватка каршы" деген пикирлер айтылып, талкуу жаралган. Бирок мыйзам долбоорунун авторлору аны четке кагышкан.

Андан тышкары долбоордо диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердик менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралганы айтылган.

Азыркы учурда иштеп жаткан мыйзам 2008-жылы кабыл алынган.(ZKo)

Дагы караңыз

Өзбекстан: Мирзиёевдин таасирдүү күйөө баласы кайда? Жоомарт Карабаевдин соту 28-ноябрга жылдыАба ырайы: Күн ачык болотБишкекте көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу каралуудаКыргызстанда быйыл аялдар зомбулук көргөн 14 миңден ашуун учур катталды