Улуу Британиянын жараны Орусиянын Курск облусунда украин аскерлеринин катарында согушуп жаткан жеринен кармалганы кабарланууда. Бүгүн 25-ноябрда орусиялык Telegram каналдар жана ТАСС маалымат агенттиги жарыялаган видеодон аскер кийимчен киши өзүн 22 жаштагы Жеймс Скотт Рис Андерсон деп тааныштырып жатканын көрүүгө болот.
Видеодогу киши 2023-жылга чейин британ армиясында байланыш адиси болуп кызмат өтөп келгенин, кийин Украинадагы эл аралык легионго кошулуп, Орусияга каршы күрөшкө катыша баштаганын айтып берүүдө.
Согуш шартында бул видеонун аныктыгын, качан жана каерде тартылганын тактоо мүмкүн эмес.
Украина Орусиянын Курск облусунда 1 000 чарчы чакырым жерди ээлеп турганын билдирген. Ал жакка украин аскерлери быйыл 6-агустта кирип барышкан. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да сездирүү экенин белгилеген.
Соңку кезде Курскидеги кармаш боюнча динамика өзгөргөнү, украин аскерлери ээлеп алган аймактын 40% жоготкону кабарланууда.
2022-жылдын февралында Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына кабылган Украина ошол эле жылы эл аралык легионго каалоочу чет өлкөлүктөр кошулса болорун жарыялаган. Атайын тандоодон өткөн жоокерлер Украинанын жөө аскерлеринин бөлүктөрүнө интеграция болгон. (RK)
Дагы караңыз
Жалал-Абад: Облустук соттун эки судьясы кызмат абалын кыянат пайдаланган деп шектелүүдөАзык-түлүктүн баасы кандай өзгөрдү. Интерактивдүү калькулятор25-ноябрь: Президент Жапаров Акылбек Жапаровго сөгүш берди, үч өзбек жараны раввиндин өлүмүнө шектелүүдө"Акын жана өкүм". Олжобай Шакирдин абакта жазган ырлары