Грузияда бүгүн 25-ноябрда оппозиция өкүлдөрүнүн нааразылык акциясы уланды. "Эхо Кавказа" сайты кабарлагандай, адамдар парламенттин негизги эшигинин алдына коюлган тосмонун жанына чогулушту.
Тосмону каккылап, алар парламенттин жаңы курамынын бүгүнкү отурумуна каршылыгын билдирип, жаңы шайлоо уюштурууну талап кылышты. Кээ бир демонстранттар тосмого жумуртка ыргытышты.
Акция өтүп жаткан маалда парламенттин ичинде жаңы шайланган депутаттардын алгачкы жыйыны өттү, көпчүлүк төрага кылып кайрадан Шалва Папуашвилини шайлады. Сессияда "Грузин кыялы" фракциясы түзүлдү, анын курамына 80 депутат кирди.
Шайлоо босогосунан өтүп, жалпысынан 61 мандат алган төрт оппозициялык партиянын баары тең биринчи сессияга бойкот жарыялашты.
Шайлоодон кийин митинг уюштурган оппозиция нааразылык акцияларын жаңы планын иштеп чыкканча убактылуу токтото турууну чечкенин 20-ноябрда жарыялагын. Демонстранттар 17-ноябрдан тартып акцияларын "жаңы форматта" улантып жатканын билдиришкен. Ошол түнү алар борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринин жанына 30 чакты чатыр тигишкен. Бирок эртеси күнү полиция аларды күч менен таркаткан.
26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партия добуштардын 53,92%, ал эми оппозицияга 38% тийгенин жарыялаган.
Он миңдеген кишилер чогулган нааразылык акциялары Грузияда буга чейин бир нече жолу өткөн, алардын баарында полиция демонстранттарга каршы күч колдонгон.(RK)
Дагы караңыз
Хаменеи Израилдин лидерлерин кармоо жетишсиз экенин айттыЖалал-Абад: Облустук соттун эки судьясы кызмат абалын кыянат пайдаланган деп шектелүүдөНоокат: Мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулуна издөө жарыяландыКыргызстанда электрондук эмгек китепче системасы ишке кирет