Мунай ташуучулар автогаз тартыштыгынын себебин түшүндүрдү

Иллюстрациялык сүрөт

“Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясы Кыргызстандын күйүүчү май базарында автогаз тартыштыгына байланыштуу маалымат таратып, таңкыстыктын негизги эки себебин атады.

Биринчиси - Орусияда газ ташыган вагон цистерналар жетишсиздиги. Экинчиси - Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу автогаз керектөөнүн өскөнү.

"Нефтетрейдерлер" ассоциациясы автогаз керектөөчү автоунаалардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында болуп, такси кызматын аркалагандыктан, автогаздын жетишсиздиги борбор калаадагы май куюучу бекеттерде гана байкалып жатканын, аймактарда маселе жоктугун билдирүүдө.

"Бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагына автогаз ташыган цистерналар кирди, жолдо Казакстандын аймагында дагы келе жатат. Бул жакынкы убакта өлкөдө автогаз тартыштыгын толук жоюуга мүмкүнчүлүк түзөт", - деп белгилеген ассоциация.

Маалыматта ошондой эле автогаз ташыган вагон-цистерналарды Казакстандын темир жолу аркылуу тез өткөрүү маселеси да чечилгенин кошумчалап, автогаз тартыштыгы коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда да болуп жатканын маалымдаган.


Быйыл жай айларында да автогаз тартыш болуп, ушундай эле көрүнүш байкалган. Анда да Орусияда газ ташыган вагон-цистерналар жетишсиз болуп жатканы айтылган. Жайында май куюучу бекеттердин кээ бирлеринде көгүлтүр отун таптакыр калбай калса, айрымдарында автоунаалардын кезеги узарган.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 1-июнга карата борбордо 416 миң 837 автоунаа катталган. (ZKo)

Дагы караңыз

Ноокат: Мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулуна издөө жарыяландыХаменеи Израилдин лидерлерин кармоо жетишсиз экенин айттыКыргызстанда электрондук эмгек китепче системасы ишке киретБАЭде раввиндин өлүмүнө Өзбекстандын үч жараны шектелүүдөЖогорку Кеңештин комитет жыйындарына министрлердин келбегени сынга кабылды