26-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкусүн 0…-5, күндүз 8…13,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4° суук, күндүз 8…10° жылуу болот.