УКМК Ташиевге коркутуу катын жазган шектүү камалганын билдирди

Камчыбек Ташиев жана ага жазылган кат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана үй-бүлөсүн коркуткан катты жазган шектүү аныкталып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергөөдө ал мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар Ж.А.С. аттуу адам экени, шектүү 1994-жылдан тартып Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөнү да аныкталды.

“Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.А.С. узак убакыт бою жогоруда белгиленген акцияга даярдык көрүү жана өзгөчө оор кылмыш жасоого катыштыгын жашыруу үчүн атайын шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды пландаштырганы аныкталды. Алсак, Ж.А.С. коркутуу максатында генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине киши өлтүрүү коркунучу бар электрондук форматтагы анонимдүү катты даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген”, - деп айтылат маалыматта.

Шектүү жазган катты Б.М.М. аттуу адам УКМКнын коомдук кабылдамасына жеткирген. Б.М. М. бул үчүн каттын авторунан азык-түлүк алган.

Кылмыш ишинин алкагында коркутуулар жазылган жашыруун кат даярдалып жаткан компьютерлер алынып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чаралары улантылууда. УКМК камакка алынган шектүүнүн өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн чет мамлекеттердин атайын кызматтарына жана деструктивдүү күчтөргө тиешеси бар экени аныкталганын, алардын чоо-жайы тергөөнүн тартибине ылайык сыр бойдон сакталарын кошумчалады.

Камчыбек Ташиевге жазылган катты УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобу иликтеп жатат. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” беренеси жана адамды же анын жакындарын өлтүрүүгө даярануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Камчыбек Ташиев 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына чукул басма сөз жыйынын уюштуруп, өзүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна “коркунуч келтирерин билдирген” кат алганын билдирген.

Ал журналисттерди кагаз конвертти көрсөтүп, анын ичинде кат жазылган флешка болгонун айткан. Катта белгисиз бирөө анын өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрүү үчүн атайын жалданган баш кесер экенин, ал олигархтардан жана кримтөбөлдөрдөн бул тапшырманы аткаруу үчүн өтө көп каражат алганын, демек, сөзсүз түрдө аягына чыгарарын айтканын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Израилдин Бейруттагы аба соккуларынан кеминде 20 киши өлдүПакистан Куррамдагы диний топтордун кагылышуусу убактылуу токтогонун билдирдиИсламабадда жолдор буулуп, интернет жарым-жартылай өчүрүлдү Зеленский: Орусия Украинага каршы бир аптада 800 бомба колдондуРумынияда президенттик кызмат үчүн 13 талапкер ат салышууда