Ташиев ага коркутуу катын таштап кеткен адам кармалганын айтты

Камчыбек Ташиев сөз болуп жаткан катты көрсөтүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан катты таштап кеткен адам видео-камералардын жардамы менен табылганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 24-ноябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты.

“Ушунун (ред: видео-камералардын) жардамы менен аныктадык. Милиция кызматкерлери менен биздин кызматкерлер (ред: УКМКнын) артынан жүрүп отуруп таап чыгышты. Ар бир баскан жерин мүнөтүнө чейин карап чыгышты”, - деген Камчыбек Ташиев кармалган адам ким экенин айткан жок.

Камчыбек Ташиев 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына чукул басма сөз жыйынын уюштуруп, өзүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна “коркунуч келтирерин билдирген” кат алганын билдирген.

Ал журналисттерди кагаз конвертти көрсөтүп, анын ичинде кат жазылган флешка болгонун айткан. Катта белгисиз бирөө анын өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрүү үчүн атайын жалданган баш кесер экенин, ал олигархтардан жана кримтөбөлдөрдөн бул тапшырманы аткаруу үчүн өтө көп каражат алганын, демек, сөзсүз түрдө аягына чыгарарын айтканын билдирген.

Буга чейин УКМКнын төрагасынын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов да катты жазгандардын бири шектүү катары кармалганын жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну күчөткөн. (BTo)

Дагы караңыз

Израилдин Бейруттагы аба соккуларынан кеминде 20 киши өлдүПакистан Куррамдагы диний топтордун кагылышуусу убактылуу токтогонун билдирдиИсламабадда жолдор буулуп, интернет жарым-жартылай өчүрүлдү Ташиев Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы камалганын билдирдиПрезидент Жапаров Австрияга расмий сапары менен жөнөп кеттиПакистанда шийилер менен суннилердин кагылышуусу 80ден ашуун адамдын өмүрүн алдыReuters: Украина Курскиде ээлеген жеринин 40% ажырады