Израилдин Бейруттагы аба соккуларынан кеминде 20 киши өлдү

Бейруттагы аба соккуларынан кийинки кырдаал, 23-ноябрь 2024-жыл.

Ливандын баш калаасы Бейрутта Израил армиясынын бир күн мурдагы аба соккуларынан кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылды. Алтымыштан ашуун адам жаракат алганын Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Соңку бир жумага жетпеген убакыт ичинде Ливандын баш калаасына кеминде төртүнчү жолу сокку урулуп жатат. Израил өкмөтү мындай чабуулдар "Хезболла" жоочулар тобун бутага аларын билдирип жүрөт.

  • “Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.


Бейруттагы соккулар Израил менен “Хезболланын” ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер уланып жаткан учурга туш келди. Бул аптада АКШнын чабарманы Амос Хохштейн регионго келип, бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болчу.

Ливан өкмөтүнүн маалыматына ылайык, 2023-жылдын октябрында Газада согуш башталгандан бери Израилдин соккуларынан Ливанда баш-аягы 3500 адамдын өмүрү кыйылды. Ливандын Израил менен чек аралаш аймактарынан 1,2 миллиондой адам жер которууга аргасыз болду. Израил Ливан менен чектеш райондорундагы жоочулардын чабуулдары 90дай аскеринин жана 50гө чукул жайкын тургундун өмүрүн алганын маалымдаган.

Дагы караңыз

Курскидеги курчуган кармаш: Путиндин көздөгөнү эмне?Өзбекстанда ок атуу жаңжалынан улам бир катар жетекчилер кызматтан алынды Жалал-Абад облусунда он айда 15 өспүрүм өз жанын кыйдыКыргыз-тажик чек арасы: Бустондогу сүйлөшүүдө тактоо ишин улантуу тапшырмасы берилди