Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовду 23-ноябрда өкмөттүн жыйынында кызматтан алды.
Мындай чечимге эмне себеп болгону расмий кабарланган жок.
"Озодлик" радиосунун булактары билдиргендей, президенттин бул чечими Министрлер кабинетинин чукул жыйынында чыккан.
Чечимге президенттик администрациянын мурдагы башчысы Комил Алламжановго кол салуу түрткү бергени айтылууда. Бир күн мурда Ички иштер министрлигинин, өкмөттүн, Коопсуздук кызматынын бир катар жетекчилери кызматынан алынган.
- "Озодлик" өз булактарына таянуу менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, президенттин карачечекей күйөө баласы Отабек Умаров 23-ноябрда Өзбекстандан чыгып кеткенин кабарлады. Умаров - Мирзиёевдин кенже кызы Шахнозанын күйөөсү. Ал качып кеттиби же жокпу, кайсы өлкөгө жана кандай максатта кетти, качан келет, азырынча белгисиз.
Азизовдун ордуна Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп Баходир Курбанов дайындалганы кабарланды. Ал 2019-жылдын февралынан бери өлкөнүн коргоо министринин орун басары болуп иштеп келген. Бул кызматка ал жаңы чакырылыштагы депутаттардын макулдугу жана президенттин буйругу менен бейшембиде дайындалган.
Курбановдун дайындалганы расмий жарыялана элек.
Быйыл 26-октябрга караган түндө Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Комил Алламжановдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан. “Озодлик” өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Комил Алламжанов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес.
Кийинчерээк бул окуяга катышы бар деген себеп менен бир нече киши кармалганы кабарланган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип жатканын, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.
Бирок кызматтан кетүү себебин ачыктаган эмес.