Абактагы ишкер Имамидин Ташов №1 тергөө абагына которулду

Имамидин Ташов Биринчи май райондук сотунда. 29-октябрь, 2024-жыл.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов дарыланып жаткан №31 мекемеден Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Самат Матцаков "Азаттыкка" билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Имамидин Ташов 21-ноябрь күнү которулган. Адвокатына жолуккан учурда ишкер өзүнүн кыйноого алынганы тууралуу арызына Аскер прокуратурасы чара көрбөй жатканына айткан.

"Ташовдун айтымында, Аскер прокуратурасынан эки тергөөчү келген. Бири Ташовдун тергөө абагында өзүн кескилегени боюнча, экинчиси анын Башкы прокуратурага жазган арызы боюнча текшерүү жүргүзүшкөн. Экөө тең ишкерди адвокатын катыштырбай туруп, күбө катары суракка алууга аракет кылышкан. Бирок ал адвокатсыз көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Буга байланыштуу Имамидин Ташов Башкы прокуратурага, Акыйкатчыга жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылып, бул маселени иликтөөнү өтүндү", - деди Матцаков.

Бул билдирүү тууралуу Жаза аткаруу кызматы, Аскер прокуратурасы жана УКМК комментарий бере элек.

Имамидин Ташовдун иши 26-ноябрда Биринчи май райондук сотунда каралат.

Ташов кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.

Апасы кат тууралуу 29-октябрда уулунун соттук териштирүүсүнөн кийин журналисттерге айткан соң, 30-октябрда ишкер атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Адвокаты Самат Матцаков анын курсагынын эки жери кесилгенин билдирген. Кийинчерээк ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган.

1-ноябрда Имамидин Ташовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков ал УКМКнын тергөө абагынан Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганын айткан.

Атайын кызмат Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. (ZKo)

Дагы караңыз

Сузак: Аял депутаттар кыз-келиндин укугун коргойтДунгандар: Улуу Жибек жолу телчиктирген мусулман элПентагон: Түндүк Кореянын Курскидеги аскерлери жакында согушка киретДүйнөлүк банк Украинага 5 млрд долларга чукул жардам берет"Жыгылса эле сөөгү сынат". Аялды тооруган остеопороз Иликтөө: Тимур Кулибаев Батыш компанияларынан жүздөгөн миллион доллар алып турган