Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну өз өлкөсүнө чакырарын, коопсуздугуна кепилдик берерин билдирип, Эл аралык кылмыш сотунун аны кармоо керектиги тууралуу чечимин "акылсыздык" жана "цинизм" катары баалады.
22-ноябрда Венгриянын Мамлекеттик радиосуна курган маегинде ал аталган сот органы "жаңжалга саясий максатты көздөө менен кийлигишип жатканын" айтты.
"Мен Израилдин премьер-министри Нетаньяхуну Венгрияга келип кетүүгө чакырам. Келсе Эл аралык кылмыш сотунун чечими Венгрияда күчкө ээ болбой турганын, анын жоболоруна баш ийбей турганыбызды кепилдейм. Андан башка тандообуз жок. Биз бул чечимге каршылыгыбызды көрсөтүшүбүз керек", - деди Орбан.
Эл аралык кылмыш соту 21-ноябрда ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарган.
Соттун билдиришинче, Нетаньяху менен Галант Газа секторунун жайкын тургундарына кол салып, аларга деген гуманитардык жардамды тороп, "ачарчылыкты согушуунун ыкмасы катары колдонууда" деп шектелүүдө.
Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел соттун чечимин Рим статутуна мүчө өлкөлөрдүн баары, анын ичинде Евробиримдиктин бардык мүчөлөрү аткарууга милдеттүү экенин айткан.
НАТОнун жана Евробиримдиктин толук мүчөсү Венгрия Рим статутуна 1999-жылы кол коюп, 2001-жылы ратификациялаган. Бирок статутка коштомо конвенциясын жарыялабагандыктан Эл аралык кылмыш сотунун чечимдерин аткарууга милдеттүү эмес экенин билдирүүдө.
Нетаньяху Орбан "моралдык ачыктыкты" көрсөтө алганын белгилеп, ага ыраазычылыгын айтты жана Венгрия "акыйкаттык, чындык" тарапта экенин белгиледи.
Орбандын Эл аралык кылмыш соту кармоого ордер берген дагы бир жетекчиге мамилеси дүйнөлүк коомчулукта талкуу жараткан. Судьялар 2023-жылы 17-мартта орус президенти Владимир Путинди жана бул өлкөнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованы согуш башталгандан кийин украиналык балдарды Орусияга күчтөп алып кетүү үчүн айыптуу деп шектеп, экөөнү кармоого ордер беришкен. Орбан Венгрия Путинди кармабай турганын билдирген. Мындан тышкары ал быйыл июль айында Евробиримдиктеги жарым жылдык төрагалык миссияга киришер замат биримдик ичиндеги ачык нааразылыкка карабастан Москвага барып, Путин менен жолуккан.
Путин аны кармоо тууралуу ордер берилгенден бери быйыл октябрда Монголияга барып кайтты.
Эл аралык кылмыш соту ордер берген кишилерди өз алдынча кармап кете албайт. Мындай жардамды ал 124 мүчө өлкөсүнөн күтөт. (RK)
Дагы караңыз
22-ноябрь: Канатбек Исаев 4-декабрга чейин камалды, АКШ "Газпромбанкка" санкция салды Экс-спикер Канатбек Исаев кайра камалды"Фейсбукка пикир жазган". Турду Акматалиев бир айга камалдыАбактагы Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына дээрлик 10 күн болду