Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жер силкинди

Сейсмология институту маалымдагандай, бүгүн, 22-ноябрда саат 13:16да Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында күчү очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 чейин сезилген.

Баштапкы маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргыз-тажик чек арасында күчү очогунда 3,5 баллдык силкинүү 20-ноябрь күнү катталган.

Октябрь айында Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жер бир нече ирет силкинди. Анын ичинде 21-октябрга караган түнү да кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. (ZKo)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев кармалдыЗеленский НАТОнун баш катчысы менен согушка аралашкан Түндүк Корея аскерлерин талкууладыОрусияда кыргызстандык жаран терроризмге айыпталып соттолду17 жаштагы Дарьянын өлүмү боюнча ишти прокуратура көзөмөлүнө алдыПакистанда куралдуу кол салуудан кеминде 46 киши каза болдуБишкектин Жал кичи районунда гараждын жерин бошотууда чыр чыкты