Пакистанда куралдуу кол салуудан кеминде 46 киши каза болду

Пакистан. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистанда дагы кеминде46 кишинин өмүрүн алган кол салуу болгонун "Машаал" радиосу кабарлады. Дагы ондогон киши жараат алды. Каза тапкандар арасында балдар жана аялдар бар.

21-ноябрда өлкөнүн эң кооптуу жана тынчсыз аймагы болуп эсептелген, Ооганстан менен чек арада жайгашкан Хайбер-Пахтунхва провинциясында диний кырдаалдан улам 700гө жакын шии мусулмандарын Пешавардан Парачинарга полициянын коштоосу менен ташып баратышканда аларга куралчан адамдар тобу кол салган. Колоннада 200 автомашина болсо, анын 25ке жакыны аткыланган, калгандары качып кетүүгө үлгүргөн.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, каза тапкандар арасында шиилер да, суннилер да бар. Кол салууга азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Куррам аймагында абал 12-октябрда курчуй баштаган. Анда 17 кишинин өмүрү кыйылып, кийин да бир нече кол салуу болгон. Пакистандын бул аймагында диндин сунни жана шии багыттарын карманган түрдүү уруулар өкмөттүн жана күч органдарынын тынчтык орнотуу аракетине карабастан бири-бири менен көптөгөн жылдардан бери жер-суу талашып, ар кандай жаңжалга кириптер болуп жашап келишет. (RK)

Дагы караңыз

Султанбековдун "Жаңы күч" тууралуу Ташиевге кайрылуусу, Конгантиевдин жообу Ноокаттын милициясы курулушка иштеткен жетекчиге нааразыWSJ: Түндүк Кореянын армия генералы Курскиде жарадар болдуПрезидент прокуратура коррупцияга каршы күрөштү күчөтүшү керектигин айтты