"Бүтүн Кыргызстандын" тарапкери, Орусияда кармалган Турду Акматалиев Кыргызстанга алып келинди

Турду Акматалиев

Орусияда иштеген Турду Акматалиев Красноярск шаарынан кармалып, Кыргызстанга алып келингени белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Турду Акматалиевдин күйөө баласымын деп тааныштырган Абдурасул Турдукулов аттуу жаран билдирди.

Анын айтымында, Турду Акматалиевди Орусиянын күч түзүмдөрү Красноярск шаарынан быйыл 22-мартта кармаган. 28-октябрда Кыргызстанга алып келинген. Сурак учурунда тергөөчүлөр Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалганын айткан.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327- ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") беренеси менен айып тагылган.

Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук соту тастыктап, 31-октябрда бөгөт чарасы каралып, 30-ноябрга чейин камакка алынганын билдирди.

Жакындарынын айтымында, 63 жаштагы Турду Акматалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгон. Ал 2017-жылдан бери Орусияда курулуш тармагында эмгектенип жүргөн.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып келет. (MKt)

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Евробиримдик адам укуктары маселесин талкууладыСалык кызматы курулуш компанияларынын салыгын көбөйтүүнү сунуштоодоИран Батышка жооп катары өзөктүк программасын кеңейтерин билдирдиКурулуш агенттиги Asia Mall соода борборуна эскертүү берди