Кыргызстандын шаар-кыштактарында жашаган 760 миңден ашуун аял октябрь айында "Айымдардын ден соолугу" деген республикалык бир айлык алкагында ден соолугун бекер текшерте алды. Бул тууралуу 21-ноябрда "Азаттыкка" Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Бул медициналык мекемелерде каттоодо турган аялдардын жалпы санынын жарымы экени, мындай колдоо Швейцария өкмөтүнүн "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана натыйжалуу башкаруу" долбоору алкагында көрсөтүлгөнү кабарланды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 45 миң аял кан басымы жогору абалда жүргөнү, 10 миңинде жүрөк-кан тамыр оорусу, дээрлик 6 миңинде кант диабети пайда болушу ыктымал деген коркунуч жогору экени аныкталды. Репродукция органдарында рак оорусу болушу мүмкүн деген 850 аялга тийиштүү дарыгерлерге жолдомо берилди.
Ушундай эле текшерүү бир жыл мурда да уюштурулган, ага 430 миң аял катышкан.
Дарыгерлер жугуштуу эмес оорулардын көбүнүн өрчүп кетпешине жол бербөөдө профилактикалык текшерилүү маанилүү ролду ойной турганын белгилешет.
Швейцариянын бул долбоорунун максаты болуп баштапкы сапаттуу медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, дени сак жашоо образын жайылтуу эсептелет. Ал буга чейин Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында ишке ашырылып келди, эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары, Бишкек жана Ош шаарлары кошулду. (RK)
Дагы караңыз
Беларус оппозициясы украин тарапта согушкан активисттин Вьетнамдан экстрадицияланышын айыптадыПутин Украинага "Орешник" ракетасы менен сокку урулганын айттыУкраиналык олигарх Фирташ Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирдиАКШ Украинага мина жөнөтөт