Украиналык таасирлүү бизнесмен Дмитрий Фирташ Улуу Британия "ири масштабдуу эл аралык коррупцияга тиешеси бар" деп жарыялаган жаңы санкциялык тизмеге киргизилген сегиз кишинин катарында экени белгилүү болду. Британ өкмөтүнүн 21-ноябрдагы маалыматына караганда, тизмеде анын жубайы Лада Фирташ да бар.
Санкцияга Анголанын жана Орусиянын жараны, миллиардер Изабель душ Сантуш, латвиялык саясатчы жана бизнесмен Айварс Лембергс да илинди.
Азот, титан жана газ бизнесин жүргүзгөн Group DF компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Фирташтын тизмеге илинишине ал кен казууга лицензия алыш үчүн мамлекеттик жооптуу кызматкерлерге пара берип, Украинанын газ-транспорт түйүнүнө таандык мүлктү мыйзамсыз жол менен өзүнө каратып алганы себеп болгону айтылды.
Украинада Фирташка каршы "өтө көп мүлктү уурдоо жана арам акчаны адалдоого аракет кылуу" деген негизде кылмыш иши козголгон. Ал өзү көптөн бери чет чакта жашайт. АКШ Австриядан аны "индиялык кызмат адамдарына пара берген" деген шек менен экстрадициялоону суранып келе жатат.
Ишкер тууралуу алгачкы маалымат 2000-жылдары Орусиянын "Газпром" ишканасы менен чогуу "РосУкрЭнерго" компаниясын ачып, орус газын Украина аркылуу Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө транзит менен жеткирип турганда чыга баштаган. Бир катар журналисттик иликтөөлөрдө ал Москва менен кызматташкан, анын кызыкчылыгын көздөгөн ишкер экени айтылган. Өзү мындай айыптоолорду четке каккан.
Санкциялар Улуу Британиянын эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү жана баюу үчүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган адамдардын каржы түйүнүн үзгүлтүккө учуратуу аракеттеринин бир бөлүгү. Тизмедеги адамдардын активдери камалып, өзүлөрүнө бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат. (RK)
Дагы караңыз
Путин Украинага "Орешник" ракетасы менен сокку урулганын айттыАКШ Украинага мина жөнөтөтРумыния менен Болгариянын Шенген аймагына кошулуу жараяны боюнча маалымат берилди"Парламентёрдун" сырдуу каты. Ташиевге ким коркунуч жаратууда?