Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская Вьетнам бийлиги Орусиянын Украинага каршы ачкан согушунда украин тарапта күрөшкөн беларус жаранын мекенине экстрадиция кылганын айыптады. Тихановскаянын кеңсеси Василий Веремейчик боюнча 21-ноябрда жарыялаган билдирүүдө:
"Времейчиктин экстрадицияланышы Лукашенко режими оппоненттерин куугунтуктоосун улантып, анын деңгээлин эл аралыкка жеткирген репрессиялык саясатынын түздөн-түз кесепети болуп эсептелет. Адам укуктарын коргоонун эл аралык механизмдерин күчөтүү зарыл. Репрессиядан качып жүргөн гана эмес, Европанын келечеги үчүн Украина тарапта күрөшүп жаткан беларустардын да укугун коргоо керек", - деп айтылды.
Беларустагы 2020-жылдагы протесттерге катышкан, 2022-жылы февралда Орусия Украинага кол салганда Киевди коргоо үчүн түзүлгөн Кастусь Калиновский полкунун жоокери болгон, Украинага көчүп кетип, "Волат" батальонунун командиринин орун басары кызматын өтөгөн Веремейчикке Литвада жашоого уруксат берилбей койгондо ал Вьетнамга кеткен. Быйыл жыл башында ошол жактан кармалган.
Тихановская дүйнөлүк коомчулукту эл аралык коргоо маселесине келгенде териштирүүнү дыкат жүргүзүүгө, Беларустун күч кызматтары менен иштешпөөгө жана Беларус менен мурда түзүлгөн экстрадиция жана укуктук жардам келишимдерин токтотууга үндөдү. Чет жакта жашаган беларус жарандарын этият болууга чакырды, анткени Лукашенко режиминин тузагына түшүп калуу коркунучу бар экенин эскерттти.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү азыр абакта отурушат. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт. Келерки президенттик шайлоо январь айында өткөнү жатат. (RK)
Дагы караңыз
Путин Украинага "Орешник" ракетасы менен сокку урулганын айттыАКШ Украинага мина жөнөтөтРумыния менен Болгариянын Шенген аймагына кошулуу жараяны боюнча маалымат берилди"Парламентёрдун" сырдуу каты. Ташиевге ким коркунуч жаратууда?