АКШ Украинага мина жөнөтөт

Украина. Мина.

АКШ Украинага жөө аскерлерге каршы колдонулуучу мина жагынан жардам берерин жарыялады. Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин 20-ноябрда билдиргендей, мындай чечим кабыл алууга Орусиянын согуш тактикасын өзгөрткөнү себеп болду:

"Биз берели деп жаткан миналарды көзөмөлдөп турса болот. Алар украиндер өзүлөрү өндүрүп жаткан миналарга караганда кыйла коопсуз".

Остин Украина азыркы тапта фронтто орусиялыктардын алдыга жылуу аракетин токтотуш үчүн тийиштүү курал-жаракка муктаж болуп жатканын айтты.

Соңку кезде саны жагынан кыйла артыкчылыкка ээ орус аскерлеринин Украинанын Донецк облусундагы кысымы күчөөдө.

Жөө аскерлердин алдыга жылышына тоскоолдук жаратуучу минанын колдонулушуна гуманитардык уюмдар каршылыгын билдирип келатканы белгилүү. Алар минанын мындай түрү жайкын тургундардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирерин айтышат.

Орусия Украинага каршы 2022-жылдын февралында согуш ачкандан бери мындай минанын кеминде 13 түрүн колдонуп жатканын Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму кабарлаган. Уюмдун маалыматына караганда, Украинада минанын жарылуусунан жүздөгөн адам каза тапты, көптөгөн айыл чарба жерлери пайдаланылбай турат. (RK)

Дагы караңыз

Ноокатта жетекчисине арызданган милиционер кызматтан алынды ТИМ: 72 миңдей кыргызстандык Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүрөтУКМК Ташиевге кайрылган эже-сиңдинин батир маселеси чечилгенин билдирдиЖеке курулуш компанияларынан 1180 батир мамлекетке алынган