Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) жетекчиси Талгат Өскөналиевдин үстүнөн даттанган Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулду. Ал эми РИИБнүн жетекчиси Талгат Өскөналиев ээлеп турган кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду.
Мындай чечим Ички иштер министрлигинин (ИИМ) анын арызын текшерүү үчүн түзүлгөн комиссиянын корутундусуна ылайык чыгарылганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
РИИБ башчысынын эки орун басары, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси, коомдук коопсуздук кызматынын дагы бир инспектору да кызматынан төмөндөтүү менен алынды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) жетекчиси Нурланбек Буркановго, орун басарларына жана бир катар жооптуу кызматкерлерине эскертүү жана сөгүш берилген.
Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкан. Алар мамлекет башчысы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видео кайрылуусунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен иштеше албай турганын айтышкан. Тимур Абдисатар уулу райондук милициянын жетекчисин басым-кысымга айыптап, кызматкерлерди уставдан тышкары ар түрдүү иштерге жумшап жатканын айткан.
Райондук милициянын башчысы Талгат Өскөналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, айтылган дооматтардын баарын четке каккан. ИИМ бул чыр боюнча атайын комиссия түзүлүп, Ноокатка жөнөп кеткенин билдирген.
Талгат Өскөналиев “мыйзамсыз аракеттерге мажбурлайт” деген доомат менен 2023-жылы милициянын улук лейтенанты да видео кайрылуу жасаган. Облустук милиция арыздануучуну ишин жетишерлик деңгээлде аткарган эмес деп айыптаган. (ZKo)
Дагы караңыз
Беларуста дагы 32 саясий туткунга ырайым берилдиУкраина Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылганын билдирдиТИМ Украинадагы кыргызстандыктарды убактылуу сыртка чыгып турууга чакырдыУКМК Ташиевге кайрылган эже-сиңдинин батир маселеси чечилгенин билдирдиАкын, “Азаттыктын” журналисти Бурулкан Сарыгулова Алыкул сыйлыгынын лауреаты болду