Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчтү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 21-ноябрда маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 метр куб. Автоунаа жолуна чейин жетип, турак жайларга, адамдарга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес.
"Тийиштүү тактоо иштерин жүргүзүү үчүн министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адис жер көчкөн аймакка жиберилди", - деп жазылган маалыматта.
ӨКМдин маалыматында, Кыргызстанда 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатышат. Анын ичинде 2396 үй-бүлө Ош облусунда.
Кыргызстанда жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарына тиешелүү. Бул аймактарда адам өлүмү менен коштолгон жер көчкүлөр бир нече жолу катталган.
2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну көз жумган, анын 11и балдар болчу.
2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган. (ZKo)
Дагы караңыз
Сот троллейбус зымдарын бузууну токтотууну чечим кылдыКамчыбек Ташиев өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан кат алганын билдирдиЖК оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу долбоорун 1-окууда колдодуЖКда мугалимдерге каршы укук бузууларга айыпты көтөрүү сунушталдыНоокат: Милиция бөлүмүнүн башчысына байланыштуу видео териштирилип жатат