Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

Ноокат: Милиция бөлүмүнүн башчысына байланыштуу видео териштирилип жатат


Тимур Абдисатар уулу
Тимур Абдисатар уулу

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео боюнча ички иликтөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Байтиков билдирди.

20-ноябрда социалдык тармактарда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканы тартылган видеолор жарыяланган. Бул тасма боюнча Тимур Абдисатар уулу түшүндүрмө бере элек.

Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери жакында эле өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкан.

Алар президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видео кайрылуусунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен иштеше албай турганын айтышкан. Тимур Абдисатар уулу райондук милициянын жетекчисин басым-кысымга айыптап, кызматкерлерди уставдан тышкары ар түрдүү иштерге жумшап жатканын билдирген.

Райондук милициянын башчысы Талгат Өскөналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, айтылган дооматтардын баарын четке каккан. Бул окуя боюнча Ички иштер министрлигинде (ИИМ) комиссия түзүлгөн.

Талгат Өскөналиев “мыйзамсыз аракеттерге мажбурлайт” деген доомат менен 2023-жылы милициянын улук лейтенанты да видео кайрылуу жасаган. Облустук милиция аны кайра ишин жетишерлик деңгээлде аткарган эмес деп айыптаган. (BTo/DSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG