Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы элчиликтин маалыматына таянып, 20-ноябрда Киев облусунун аймагында пилотсуз учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалганын кабарлады. Тышкы саясий мекеме Кыргызстандын Украинадагы жарандарын жеке коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.
Министрлик 20-ноябрдын кечинде тараткан билдирүүдө кыргызстандык жарандардын байланышуусу үчүн Киевдеги элчиликтин ыкчам байланыш телефондору көрсөтүлгөн:
+38 068 139 67 92, +38 044 237 03 48
20-ноябрда АКШнын Киевдеги элчилиги конкреттүү маалымат" алгандыгына байланыштуу убактылуу жабык болорун эскерткен. Элчилик өз кызматкерлерине жана бул шаардагы жалпы америкалык жарандарга кайрылып, эгер абадан эскертүү берилсе дароо коопсуз жерге барууга кеңеш берген.
20-ноябрда эртең менен Украинанын бир нече аймагында, анын ичинде борбор калаа Киевде орусиялык учкучсуз учактардын чабуулу тууралуу эскертүү берилди. Shahed дрондору улам бир толкун менен учурулуп жатканы, бутага Житомир, Чернигов, Полтава, Черкасск, Харьков жана Сумы облустары да алынганы кабарланууда. (ZKo)
Дагы караңыз
Камчыбек Ташиев "пара алган элчи" камаларын айттыКамчыбек Ташиев өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан кат алганын билдирди"19 ай абакта отуруп, акыры акталдым". Орусияда камалган Айнагүл 7 млн кенемте сурайтӨзбек өкмөтү отставкага кетти"Бишкектин төрт району качан өзгөрөт?". Жер-суу аталыштарын кыргызчалоо демилгеси колдоо тапты