Өзбекстандын Министрлер кабинети парламенттин жаңы шайланган курамынын алдындагы ыйгарым укуктарын токтотконун, ошондуктан кызматын тапшырып жатканан жарыялады. Бул тууралуу токтомго 19-ноябрда премьер-министр Абдулла Арипов кол койду.
Президенттин жарлыгына ылайык, өкмөттүн ишинин ырааттуулугун камсыздоо, үзгүлтүккө учуратпоо максатында Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекигенче азыркы өкмөт иштеп турарын премьер-министрдин басма сөз катчысы Бекзод Хидоятов билдирди.
Өзбек парламенти Олий Мажлиске шайлоо 27-октябрда өтүп, эки палатасы тең жаңыланган.
Президент жаңы парламент ишке киришкенден кийинки бир ай аралыгында шайлоодо жеңген бардык саясий партиялардын фракциялары менен кеңешип, премьер-министрлик кызматка талапкерди Мыйзам чыгаруу палатасына сунуш кылат. Эгер депутаттардын жарымынан көбү колдосо, ал жактырылды деп эсептелет. Өкмөт башчы аныкталгандан кийин Министрлер кабинетинин жаңы курамы карала баштайт.
Өзбек өкмөтүн 2016-жылдын декабрынан бери жетектеп келе жаткан Абдулла Арипов 2020-жылдын 20-январында Олий Мажлистин кошмо жыйынында бул кызматка кайрадан бекитилген. (RK)
Дагы караңыз
"Бишкектин төрт району качан өзгөрөт?". Жер-суу аталыштарын кыргызчалоо демилгеси колдоо тапты"19 ай абакта отуруп, акыры акталдым". Орусияда камалган Айнагүл 7 млн кенемте сурайт"Билетти арзандатуу үчүн мамлекет субсидия бериши мүмкүн"Абактагы Султанбеков добуш сатып алуу боюнча Орунбековдун сөздөрүн четке какты